Маминспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов коррупциялык иштерге шектелип кармалды

 Мезгил

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык иштерге шектелип, ведомство башчысы Калысбек Жумаканов жана жетекчилик кызматтагы бир нече киши кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык схеманы аныкташкан. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

Аталган инспекциянын айрым кызматкерлери мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн. Тагыраагы, малдын саны көбөйтүлүп жана препараттар кымбатыраак баада көрсөтүлгөн. Мындан тышкары мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге башка компаниялардын катышуусуна тоскоолдук кылынган.

Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына караганда, ири мүйүздүү малга бруцеллёзго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштеринин алкагында, Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде иш козголду. УКМКнын төргөө абагынын убактылуу кармоо жайына инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов, башкармалык жетекчиси М.А., бөлүм башчысы Ч.Р. жана лаборатория жетекчиси С.Ч. киргизилгени кошумчаланды.

Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *