Мамлекет айлык кесмейди кайрадан мугалимдерден баштады. Министр Исаков үн катпайбы?

Мезгил

Учурдагы оор кырдаалга байланыштуу бийлик мамкызматкерлердин айлыгын кескилөөнү мугалимдерден баштаганы кандай? “Кой оозунан чөп албаган момун” мугалимдерди биздин төбөлдөр качанкыга чейин “тебелей” беришет? Баш көтөрүшпөсө эле бул катмарга карата каалашынча “сийе беришеби?” Алдыдагы август айында мугалимдердин айлыгын 67 пайызын гана төлөө боюнча жогортон буйрук берилип, бул боюнча мектеп директорлорун кыйноого алып жатышканы кандай? Маселен, өткөн жумада Кочкор районундагы болгон мектеп директорлорун районго жыйып алышып, “август айында кол алдыңардагы мугалимдер маянасынын 67 пайызын гана алышат. Буга макул болуп кол коюп бергиле?” дешип кыйноого алышканы, буга жаалданган мектеп жетекчилери тарс чалкасынан кетишкенинен кабардар болдук.

Министр Каныбек Исаков бул боюнча үн ката алабы? Же кол алдындагы мугалимдерин бийликтин эзүүсүнө “салып берип”, башын кумга катып жата береби? Же “көзүм көрбөсө болду, көчүгүмдү бөрү жесин” таризине өткөнүбү? Биз бул жааттагы суроолорубузга министрдин өзүнөн жооп алгыбыз келет. Жетекчи деген кол алдындагы кызматкерлеринин кызыкчылыгы үчүн баарына барыш керек да. Туурабы? Анда неге Какеңер батыл кадамга бара албай туру? Жооп бербейби?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *