Мамлекетчил Нарбаевдин парламентке келиши өлкө үчүн утуш болот

     Мезгил

Коомчулук көзүнө көп чыкпаганы менен өлкөдөгү курулуш жаатын ичтен билген тажрыйбалуу мамлекетчил кадр бар. Ал архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Каныбек Нарбаев! Мамлекеттик кызматтагы төмөнтөн жогору карай жасаган карьералык секириги, топтогон бай тажрыйбасы, карандай эмгегинин аркасында багындырган наам, сыйлыктарды багындыруу жагынан кеп жок. Бул жагынан азыркы аламанга чыгып жаткан талапкерлердин көбүн чаң астында калтырат.

Дал ушул сөзү менен иши айкалышкан тажрыйбалуу, мамлекетчил кадр Каныбек Нарбаев “Ыйман Нуру” партиясы менен аламанга аттанганын угуп кубандык. Иштин көзүн билген инсандын мындай кадамын уккан соң, кантип сүйүнбөй коесуң? Баралына келип, болуп-толуп, табына келген шумкар сымал туйлап турган талапкерге парламентке келүүгө жол ачылса, Кудай Таалам оомат-дөөлөтүү ыроолоп койсо камчы салдырбай иштеп кетээрин бөркүңөрдөй көрсөңөр болот.

Баш калаадагы баш-аламан курулуш тармагын жөнгө салып, бул жагынан керектүү мыйзамдарды семичкедей чагуу менен абалды бир оңдосо дал ушул Какебиз оңдоп коет. Анда эмнеге карап турабыз? Каныбек Нарбаевдин эл өкүлү болушуна жол ачып, колдон-буттан алуу менен Аксынын баш көтөргөн кулунуна ак бата тилеп коелу да туугандар. Туурабы?  

Мезгил ньюс   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *