Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлдү

     Мезгил

Мамлекеттик чек ара кызматы  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.   

Мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден  Кыргызстандын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматы   Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. 

Тийиштүү токтомго  президенттин  милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. 

Кабыл алынган чечимге ылайык,   Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон   Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү.

  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору  н Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат. 

УКМКга  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *