Мамлекеттик ЭлТР телерадиоберүү компаниясынын башкы директору алмашты

Мезгил

Калыкулов Керимбек Акматалиевич Мамлекеттик ЭлТР телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Маалымдама: Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Калыкулов Керимбек көп жылдык журналисттик иш тажрыйбага ээ. Мурда «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген. 

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген. 

Ал эми Мусаев Айбек Ырсалиевич берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *