Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Мезгил

Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Жаңы жетекчи буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келген.

Мамкаттоонун мурунку төрагасы Алмаз Мамбетов кызматтан 13-февралда бошотулган болчу.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *