Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе издөө жаряланат

Мезгил

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова УКМКга суракка чакыртылды.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүүдө.

Ал эми Шаикова паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу кылмышы боюнча айыпталууда. Ал адвокаты аркылуу буга чейин бир канча жолу суракка чакыртылып, бирок ал келген эмес.  5-августка чейин суракка келбесе ага издөө жарыланат.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова 19-апрелде кызматынан бошотулган. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 1-апрелде паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүүнү баштаган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен 16-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *