Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөөгө салынды

   Мезгил

Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаиковага издөөгө салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.  

Ал мамкаттоо кызматы,  “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишинин фигуранттарынын бири катары чакырылган. Ал эми экс-чиновник суракка келген эмес.

Буга байланыштуу Башы Прокуратура А.Шаиковага карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-Коррупция беренеси боюнча кылмышка шектүү деп, Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык Алина Шаиковага издөө жарыялады. Аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды.

 Буга чейин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жана каттоо кызматынын башка мурдагы кызматкерлери кармалып, үй камагына чыгарылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *