Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери пара менен кармалды

    Мезгил

Улуттук коопсуздук комитети Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкерин пара алып жаткан учурда кармады.

 Бул тууралуу  УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн билдирди.

Маалым болгондой, кармалган О.М. ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылган. Ал 24-майда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *