Мамлекеттин ичине мамлекет курган Фетхуллах Гүлен

  Мезгил

Фетхуллах Гүлен тууралуу чуулгандуу иштерди канчалык айтып, жазган менен кыргыз коомчулугу анчейин таназарга албай, бийлик башындагылардан тартып карапайым элге чейин «Ал Түркиянын ички иши» деген таризде камсоо мамиле жасалып келет. Ал эми орус бийлиги эчак эле «Гүленизм» менен «Нурчуларга» тиешелүү адабияттарды экстремисттик деп таап, өз өлкөсүндө жайылтууга тыюу салган. Ал тургай аларга тиешелүү мектептерди жаап, уюмдашкан ишканаларынын аракеттерине бөгөт койгон. Төмөндө «Совершенно секретно» басылмасынын журналисти Алексей Челноковдун ««Параллелдүү Түркиянын» президенти» деп аталган эмгегин назарыӊыздарга сунуштамакчыбыз. Анда башталгыч гана билими бар, ислам «коза нострасы» деген атка конгон мафиоздун «имамга» кантип айлангандыгы, БЧБ (ЦРУ) менен кызматташтыгы, Пенсилвания штатындагы жабык штаб-квартирасы, «Wikileaks» жарыялаган жашыруун документтерде Гүлен тууралуу маалыматтар кеӊири айтылган.

2016-жылдагы Түркиядагы аскердик төӊкөрүшкө тымызын дем берген, «бүткүл дүйнөгө ислам тартибин» орноткусу келген, мамлекет ичинде «мамлекет» куруп алган Фетхуллах Гүлен деген ким?

Максатына жетпей калган төӊкөрүштүн айыпталуучуларына чара колдонуулар ченемсиз жүрүп жатты. Тайип Эрдоган биринчи декрети менен аларды соттун уруксатысыз текшерүүгө, камоого, кармоого жана жумуштан бошотууларды жүргүзүүгө уруксат берди. Тор артына жүздөгөн генералдар, адмиралдар (өлкөдөгү генералитеттин үчтөн бири) жана 6 миӊ офицер киргизилди. Алардын ичинде президенттин эки адъютанты жана башкы аскер кеӊешчиси да бар эле. Аскер адамдары менен 700дөн ашуун сот жана прокуратура кызматкерлери иш алпарып, натыйжада Өлкөдөгү сот иштери кыйынчылыкка туштукту. Андан соӊ Түркия Дин иштери боюнча башкармалыгынын 500дөн ашуун, Премьер-министрдин канцелярия кызматынан 250дөн ашуун кызматкер камакка алынды. Фемида кызматкерлеринин, дин боюнча мекеменин бюрократтарынын камалышы аскер кишилерине салыштырганда бир аз түшүнбөөчүлүк менен кабыл алынды. Андан кийин мугалимдердин жапырт кармала башташы шок абалын жаратты. «Зыяны жок тынч кишилер» деп саналган кесиптин ээлеринин 10 миӊдеген өкүлүнө чара колдонуу, жумуштан бошотуу сыяктуу аракеттер жүрөктүн үшүн алды.

Билим берүү министрлиги Гүлен менчик мектептеринде иштеп келген 21 миӊ мугалимди лицензиясынан ажыратты. Мамлекеттик билим берүү тармагында эмгектенген, бийликке «көзү түз» болбогон 15 миӊден ашуун мугалим да жумуштан бошотулду. Жумуштан бошотулгандардын үстүнөн кызматтык териштирүү иштери ачылды. Билим берүү боюнча Жогорку кеӊешме мамлекеттик жана менчик окуу жайлардын 1,5 миӊден ашуун декан жана профессорлорун отставкага кетирди. «CNNTurk» телеканалынын берген маалыматы боюнча, «булардын саны Түркиянын дээрлик баардык профессордук-окутуучулук курамына теӊ болгон». Алар Гүлен менен байланышы бар деп айыпталып жатышты. Бул окуялардын соӊунда 15 ЖОЖ, 150 ЖМК, 1043 менчик мектеп (пансион, менчик жатаканалар), 1229 коом жана фонддор, бул фонддор тарабынан ачылган 19 профсоюздук уюм, 35 медициналык мекемелер жабылды.

Президен Эрдоган бул окуяларга чейин эле Гүленди легитимдүү Түрк Өкмөтүн бузууга ниеттенген «параллелдүү курам» түзүп алгандыгы үчүн бир нече жолу айыптап келген. Официалдуу Анкара бийлиги муну «параллелдик мамлекет» деп атоого да жетишкен. Түркиянын РФдагы элчилигинин пресс-атташеси Орхан Газигиль – «Төӊкөрүштү улуттук армия эмес, Фетхуллах Гүлендин тарапташтары уюштурду. Алар мамлекеттин стратегиялык мекемелерине ондогон жылдар бою өз кишилерин орноштуруп келген. Буга чейин алар бир жолу бийликти алмаштырууга аракет жасашкан» – деп билдирди.

Гүленстан жашыруун мамлекети

Ошентип «параллелдик Түркия» мамлекетинин президенти – Фетхуллах Гүлен деп аталып калмак. Бул «мамлекеттин» Эрдоган жүргүзгөн «эл каттоосуна» таяна турган болсок, 60 миӊ кишиден ашуун (бул чара колдонууга туштуккандарды гана санаганда), алардын үчтөн бирин мектеп жана ЖОЖдун мугалимдери түзөт. Эч ким тарабынан таанылбаган бул мамлекеттин «активдүү жарандары» 2,5 миӊден ашуун, алар мектеп, фонд, профсоюз уюмдары жана башка «мамлекеттик» мекемелерде жайгашышкан. Алар Өкмөт аппаратында, ИИМ, Улуттук чалгындоо мекемеси, Дин боюнча башкы башкармалыкта, Билим берүү министрлиги жана ага тиешелүү окуу мекемелеринде эмгектенишкен. Бул президент Эрдогандын өзүнүн жасаган билдирүүлөрүнүн негизинде гана алынды.

Чындыгында муну менен Эрдоган чыгыш элине тиешелүү байкалбаган айкөлдүктү көрсөтө алды. Ал душманынын айрым жагдайларын ашкере айтып чыга берген жок. Айрым түркологдордун пикиринде, Гүлен «криптомамлекети» 5 миллиондон аз эмес кишини камтыган. Эгерде бул чындык болсо, анда Эрдоган «криптожарандардын» 1 % гана чара көргөн болуп калабы? Түрдүү маалыматтар боюнча, Гүленстандын бюджети 25-50 миллион $ түзөт. Жашыруун мамлекеттин түпкүрдөгү байланыштары Кичи Азиядагы Кара жана Жер ортолук деӊиздеринин аралыгына созулган. Анын жан-жөкөрлөрү Борбордук, Орто жана Түштүк – Чыгыш Азияны, Батыш жана Чыгыш Европаны, Түндүк жана Түштүк Американы кучагына алат.

Ушундай эбегейсиз жумушту бир гана адам жасай алгандыгы таӊ калтырат. Мейли бул эмгекке 40 жылдык өмүр кетти дейли?! Гүлен – билим берүү тармагы аркылуу миллиондогон кишилерди катарына топтой алган «шайтан көпөлөк» кейиптенген дүйнөдөгү – жалгыз адам. Ал «Душманыӊды жеӊгиӊ келсе – анын балдарын тарбияла» деген чыгыш акылман сөзүн иш жүзүнө ашыра алды.

Ислам фундаменталисттери Гүленди жашыруун массондук уюм түзгөн десе, Европа интеллектуалдары «ислам жезити» (арамза, эки жүздүү) деп аташат. Америкалык журналисттер болсо Гүлен менен эл аралык сайентологдор сектасынын окшоштугун айтып келишет. Бир бетке сектант-сайентолог, массон жана ислам жезитин кантип батырууга болот? Ал үчүн Гүлен гана болуу керек.

Алгачкы мектептик билими бар «даанышман»

Гүлендин жеке жашоосу, балдарынын бар же жоктугу тууралуу эч кандай маалымат табылбайт. Анын бала чагынан бери оорулуу экендиги, оорусу тууралуу айта бербегендиги менен белгилүү. Ал тургай АКШ прокурору Патрих Михан да анын туулган жылы тууралуу так маалыматты биле алган эмес. Гүленди 1934, 1938, 1942-жылы туулган деген ача пикирлер бар. Россия маалымат агенттиктери «Википедиядагы» 1941-жылы туулган деген маалыматка таянышат. Туулган жери Түркиянын түндүк-чыгышындагы Эрзурум шаарына жакын Коруджук айылы деген маалымат бар. Атасы айыл имамы болгон. Эрзурумдун ордунда мурда байыркы армяндардын Карин шаары жайгашып турган. Өзүнүн 3 миӊ жылдык тарыхында шаар араб, перс, сульджук, татар-монгол, орус баскынчыларынын колунан-колго өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде узак убакытка орустардын карамагында болуп турган.

XIX кылымдын аягында жана XX башында бул шаардын эли кыйын күндөрдү башынан кечирди. 1918-жылы акыркылардан болуп 25 миӊ аскер колу менен Вахиб пааша Эрзурумга кирип, армяндарга бүлгүн салып, түрк улутчулдарынын борборуна айлантат. Гүлендин туугандары азыр да бул шаарда жашап келишет. Жээни Мухаммед Саид төӊкөрүшкө катышы бар деп ал жерден камакка алынды. Эрзурумдагы окуялар, армяндарга жасалган мамилелер жаш Фетхуллахтын жүрөгүнө уюп, көз карашынын калыптанышына таасир берет. Анын дүйнө таанымын изилдегендер Гүлен «биринчи кезекте улутчул, анан исламист», ал эми анын душманы Эрдоган «биринчи кезекте исламист, анан пантүркист» деп санашат.

Эӊ кызыгы, бутактаган билим берүү менчик системасын түзгөн Фетхуллах Гүлен, болгону баштапкы гана мектепти аяктаган светик билимге ээ! Беш жашында мектепке барып, 10 жашында Куранды мыкты окуган – апызга (хафиз) айланат. 1959-жылдан баштап Түркиянын түрдүү шаарларынын мечиттеринде мамлекеттик кызматкер катары – имам жана насаатчы кызматтарын аркалап келген.

1966-жылы Измир шаарында мамлекеттик кызматты аркалап туруп (Түркияда имам кызматы мамлекеттик кызмат болуп саналат) «параллелдик Түркия» деп аталып жүргөн өздүк уюмун түптөйт. Ага кайрылгандардын балдарына мыкты билим беребиз деп сөз берип, демөөрчүлөрдүн акчасына жайкы окуу лагерлерин жана окуу хостелдерин уюштурат. Убакыт өткөндө бул аракети мол түшүмүн берип, миӊдеген ишенимдүү, Гүленди сатпас, анын жолун улаган алгачкы толкундагы шакирттери, адепттер (окуунун абдан ишенген жактоочулары) пайда болот. «Кестенбазар» менчик коомунун интернат-гимназиясы уюштурулуп, билим берүү жана агартуу иштерин кошо жүргүзө баштайт. Бул гимназиянын эӊ башкы тапшырмаларынын бири, шакирттерди ЖОЖдорго өтүүгө даярдоо эле. Гүлен гимназияда тарбиячынын ролун аткарып, этика жана морал боюнча диний багытта сабак берип турган. Өзүнүн айтуусу боюнча, ал кызматы үчүн гимназиядан акча алган эмес.

Ошентип ал Измир шаарында бир канча жылдан кийин мамлекеттин саясий аренасына миӊдеген ишенимдүү шакирттерин алып чыккан моделди түзүп, сынактан өткөрө алды. Башкы максат – менчик гимназия-интернаттарды түзүү керектигин ошол кезде билген. Балдарды ата-энесинин тарбиясынан ажыратып, тарбиялоо жагын өз колуна топтогон интернат системасы – Гүлен педагогикалык тутумунун доминанты болуп калды. Тарбиялануучуга сутка бою камкордук көрүү гана керектүү тарбиялык эффектти бере аларын баамдаган. Бул гимназияларда табийгый илимдерди окутууга басым жасалган, ал эми диний билим берүү модеринизацияланган заманбап исламдын негизинде гана жүргүзүлгөн. Өз мектептерин каржылоо муктаждыгынан улам Гүлен саясатта, медиа тармагында жана бизнесте «өнөктөштүк» тутумун жарата баштады.

Америкалык протестант үгүтчүлөрдүн жасаганынан үлгү алып,Гүлен Түркияда биринчилерден болуп өз үгүт-насаат сөздөрүн аудио кассеталарга жаздыра баштайт. Мунусу менен калктын калыӊ катмарына таанылып, үгүт-насааттары элге жайыла баштайт. 1977-жылы Стамбулдагы Султан Ахмед мечитинде дарс окуп калат. Анын угуучуларынын арасында премьер-министр Сулейман Демирель жана ТИМ жетекчиси Ихсан Сабир Чалангиль да бар эле. Ошентип Гүлен улуттук масштабдагы, ал тургай анын дарстарын саясий элита да уккан адамга айланып чыга келет. Ошентип ал бир гана мечит, кофейняларда гана үгүт жүргүзбөй, лекция окуп, китеп, макала жазып, дин жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна байланышкан актуалдуу темаларда ЖМКга көптөгөн маектерди бере баштайт. Ал түзгөн окуу системасы жылына 25 миллиард доллардан кем эмес киреше алып келе баштайт.

Ислам «коза нострасынын» башында

«Коза ностра» деген италиялык уюшкан кылмыштуу топ, мафия тууралуу билгендер бардыр. 1980-жылдары Гүлен өзүнүн угуучуларынын бизнес-долбоорлоруна катыша баштайт. Жогоруда айтылгандай, анын баардык тармактарда угуучуларынын бардыгы, руханий лидер катары сыйлаган адамдарынын санынын өсүүсү, Гүленди абройлуу имамга айландырат. Дүкөн же фабрика ачайын десе жолтоо болгон чиновниктин айынан ишкер Гүленге кайрылган. Көйгөйдү чечүү үчүн ишкерге өзүнүн ишенимдүү адамын ишкананын үлүшүнө кошууга туура келген. Андан соӊ Гүлен бул ишканага инвестор издеп, каражат маселелерин чечүүгө көмөктөшүп, айрым учурларда бийлик органдарында иштеп жаткан шакирттеринин жардамы менен кээ бир көйгөйлөрдү жөнгө салууга жардамдашкан. Мындай аракеттер ага «көйгөйдү чечүүгө» жардам сурагандардын санын арттырган, ал эми кайрылгандарга балдарын өзү түптөгөн мектептерде окутууну сунуштап турган.

Бара-бара Гүлендин бизнес-чөйрөдө аброю эбегейсиз өсө баштайт. Бир гана ага кайрылгандар эмес, ага тиешеси жок ишканалардын ээлери да Гүленди финансылык талаштарды жөнгө салууда адилет арбитр катары санап, сыйлай башташат. Аны менен күч органдары, ал тургай уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери да эсептеше башташат.

РФнын Стратегиялык изилдөө институтунун Диний жана этнодиний изилдөөлөр борборунун Приволжиядагы жетекчиси Раис Сулейманов Гүлен биографиясынын маанилүү учурларын белгилеп кеткен. «Атайын кызматтардын маалыматына ылайык, 1980-жылдарда Гүлендин айланасына бүтүндөй мафиоздук уюмдар топтолгон. Алардын башчылары Фетхуллах Гүлендин насааттарынын таасири астында болгон. Бандиттердин «калкалоо» сунушунан качкан ишкерлер, «адилет имамга» кайрылып турган. «Адилет имам» «калкалоо» үчүн бандиттерден кем эмес акы алыган. Ага караштуу мафиялык топ да бандиттерден кем эмес «күч калканчын» бере алышкан. Ишкерге бандиттерге тапкан каражатынан акы берип кутулганга караганда «адилеттүү имамдын» тарапташтары менен шерик болуп иш жүргүзүп, бизнесин өнүктүргөн пайдалуу болгон. Бара-бара ийгиликтүү ишканалар да Гүлендин колуна өтө берген. Алар бул аракеттерин өлкөнүн баардык аймактарына, ал тургай Германиядагы Түрк диаспорасынын арасына да жайылта алган. Гүлендин адепттерине (окуунун абдан ишенген жактоочулары) кирбеген чиновник жана менеджерлер «Фетуллахчылар» ишканасын кабыл алгысы келбеген учурда алдында эки гана тандоо турган. Ал, – башына балээ үйүп алуу же ал коммерциялык уюмдар менен кызматташууга барып, бонус алуу тандоосу болгон».

«Ислам жезити»

1980-жылдары Гүлен башкарган «Фетхуллахчылар» же «Гүлен тобу» деп аталган таасирдүү коомдук-диний кыймыл пайда болот. Анын исламдык көз караштары өлкөнүн баардык бурчтарына тарай баштайт. 1981-жылы аскер төӊкөрүштөн соӊ Гүлен «ден соолугуна» байланыштуу үгүтчүлүк кызматынан отстакага берет да, ошол кезден тарта «параллелдүү Түркия» мега долбоору менен алпуруша баштайт.

Гүлен Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш жана АКШда 3 миӊден ашуун мектеп ачкан. Анын «Ислам жезити» деп аталып калгандыгынын себебин – Иеузит (жезит) деп аталган католик-монархтык реакциячыл уюмдун (ордендин мүчөсү, максатына жетүү үчүн эч нерседен баш тартпайт, каймана мааниси – эки жүздүү, арамза) максаттарын ишке ашыруу үчүн дүйнөнүн баардык бурчтарында окуу мекемелерин ачышкандыгы менен салыштырышат. Франциянын Борбордук Азияны изилдөө институтунун директору Байрам Балджинин пикиринде: «Фетхуллах Гүлендин билим берүү долбоорлорунда жезиттик – идея, образ катары каралган деп ойлоймун. Осмон империясы кулап бараткан кезде Республиканы түзгөндөр, миссионерлер жана жезиттердин таасири күч болуп турган батыштык окуу жайлардан билим алгандыгын унутпашыбыз керек. Гүлен христиан жана жезит билим берүү моделдерин образдаштыра алган.Ал элге мусулман кайра жаратуучусу катары көрүнгүсү келген».

Мусулман Фетхуллах Гүлендин жасаганы христиан Игнатий Лайойладан да ашып түштү. Албетте, бул жерде мусулмандардын санынын өсүп жаткандыгын да эске алуу керек. 1976-жылдан бери Түркия калкы эки эсеге, 40 миллионго өскөн. Анын ичинен «Фетхуллахчылардын» саны да өскөн. Бул кыймыл көп катмарлуу курамга ээ. «Хизмет» деп аталган бет ачар уюмунун саны көп. Алар «жалпы адамзаттык баалуулуктарды» бутага алып, билим берүү, маектешүү, дүйнө, социалдык акыйкаттык жана социалдык гармониялар тууралуу маселелерди козгоп, уюмга тартуу боюнча активдүү иш алпарышат. Ал эми Гүленчи «Zaman» фонду бир топ окуу жайларына, балдар бакчасынан тартып университеттерге чейин эгедер.

Гүлен ээлик кылган «Feza Media Group» Түркиядагы күн сайын чыгып туруучу популярдуу «Zaman» гезитин жана «Aksion» журналын чыгарып турган. Түркиядагы таасирдүү болгон «Samanyolu Broadcasting» телекомпаниясы жана миллиардаган доллар активдери бар «Bank Asya» ислам банкы, 50 миӊден ашуун мүчөсү бар Түрк Бизнесмендеринин ассоциациясы болгон «TUSKON» да Гүлендин ээлигине киреген. Ошондой эле булардын катарында түрдүү тармактагы ишканалардын башын бириктирип турган соода-өндүрүштүк «Kaynak Holding» да бар. Анын «Kaynak Publishing» ишканасы жыл сайын жүздөгөн китептерди чыгарып, өлкөдөн сырт жактарга да таратып турган.

Ал кездерде Эрдоган менен Гүлен саясий создаштардан болуп, учурдагы бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясын негиздешкен. Алардын мамилеси 2010-жылы Гүлен Эрдоганга Ислам радикалдык партиясынан баш тартпай тургандыгын билгенден кийин солгундады. Ал тургай Эрдоган «Мусулман бир туугандар» менен мамиле түзө баштайт. 2014-жылы Гүлен Эрдогандын ысымын атабай туруп публикадан каарын жаадырат.

Гүленстандын Пенсилваниядагы штаб-квартирасы

1999-жылы Гүлен АКШга дарыланууга кетип, андан бери Түркияга кайрылып келген эмес. Пенсилвания штатынан, мурда диний ишеними үчүн куугунтукталып, ушул жерде «Достордун коому» деп аталган протестант качкындардын-колониясын курган, англис квакери Уильямс Пеннанын атына коюлган тоолуу райондон байыр алат. Сэйлорсбург шаарынан алыс эмес жерде, тоо боорунан 28 акра (1 акра – 4047 метр квадратка барабар) жер, курулган имараттары менен Гүленге тиешелүү. Анда окуу борборлору, жатакана, чет өлкөлүктөр үчүн мейманкана жана бир топ имараттар, чоӊ көлмө, тик учак конуучу аянтча бар. Баардык жерде видео көзөмөл орнотулган. Ортодогу имараттын биринчи кабаты 100-200 киши тамактанууга ылайыкташтырылган. Экинчи кабатында чоӊ китепкана жана компьютердик зал бар. Үчүнчү кабатында Гүлен өзү жашайт. Аймакты 100дөн ашуун түрк сакчылары коргоого алган. Алар англисче сүйлөшпөйт, Европалыктарча кийинишкен: ак көйнөк, галстук жана костюм. Кошуналар бул аймактан ар дайым учуп-конуп турган тик учактарга жана ар кезде угулган автоматтык атуулар боюнча даттанышкан. Америкалык репортёрлор Гүлендин сакчыларына 50 жашка чейин үйлөнүүгө тыюу салынгандыгын билишкен. Ал эми аялдарга бул аймакка кирүүгө тыюу салынган. Алар Сэйлорсбургдагы Итон-Роуддагы жупуну үйлөрдө жашашат.

Бул жерди Гүлендин окуган үгүттөрүнүн бири түрк теле берүүсүнө жарыяланып кеткенден кийин курган. Анда: «Силер артерия системасы аркылуу анын жашоого маанилүү органдарына жетмейинче байкалбай жүрө беришиӊер керек. Эгерде эрте болуп калса, дүйнө биздин башыбызды басып калат. Мусулмандар баардык жерлерде кыйналышат… Азыр убакыт келе элек. Силер баардык мамлекеттик бийликти колго алмайынча, Түркиянын Конституциялык институттары биздин колго өтмөйүнчө, күтүп турууӊар керек! Бул мезгилге жетпей туруп аракет жасоо, жумуртканын ичиндеги балапанды өлтүрүп алганга барабар. Мен өз оюмду жана сезимдеримди айттым. Силердин ак ниетүүлүгүӊөргө жана сыр жашыра ала тургандыгыӊарга ишенгим келет… Идеалдуу мусулман коомчулугун курууга жетишүү үчүн, ар кандай ыкма жана жолдор, (ал тургай) адамдарга калп айтуу да алгылыктуу».

«Wikileaks» жарыялаган жашыруун документтерде америкалык публицисттин бир жагынан туура экендиги далилденген. АКШнын Анкарадагы элчилигинин кызматкерлери 2005-жылы Мамлекеттик департаментке «Гүлен прозелитизм (динин өзгөрткөн, башка динге кирген адам) максатына окуучуларды тартуу боюнча мектеп тармактарын (Анын ичинде АКШдагы ондогон мектептер да бар) колдонуп жаткандыгы тууралуу бизде бир нече маанилүү отчёттор бар. Биз мектеп-интернаттарында окуучулар Гүлендин радикалдык идеяларынын аракеттерине кабылгандыгы тууралуу дайыма маалымат алып турабыз».

Деген менен Гүлен Америка Өкмөтүнүн жогорку чиндеги кызматкерлери тарабынан колдоо алып турган. Билл Клинтон жана Джеймс Бейкер аны «дүйнө жүзү боюнча тынчтыкка кошкон салымы» үчүн мактоого алышкан. Барак Обама Пенсилванияда Гүлен поместьесинде конокто болуп кайткан. Бир кезде Гүленде ФЧБ жана Миграция кызматы менен көйгөй жаралат. Мында БЧБ ачык түрдө эле ага жардам көрсөткөн. Ага ачык кепилдик берген БЧБнын эки генралы Грэм Фуллер жана Жорж Фидас болуп чыкты. Гүлен Грэм Фуллер менен бул чалгынчы Кабул резидентурасын башкарып турган мезгилден бери байланышып келсе, Жорж Фидас БЧБнын «Рэнд Корпорейшн» жана башка аналитикалык борборлор менен болгон байланыштарына жооп берип турган.

Отставкадагы түрк чалгынчысы Осман Нури Гюндеш «Анархия жана революциянын күбөсү» деген китебинде Гүлен БЧБ менен Орто Азия мамлекеттери боюнча 1990-жылдардан бери активдүү байланышып келгендигин жазган. Анда Өзбекстан менен Кыргызстандын аймактарындагы Гүлен мектептеринде 130 мугалим дипломатиялык паспорт менен агент катары жашыруун иштеп келгендиги айтылат.

Гүлендин мурдагы генералдык кеӊешчиси Нуретдин Верен сектадан качып кутулуп, уюмдун кылмыштуу иштери тууралуу китеп жазган. Китепте Гүлен америкалык атайын кызматтардан акча алгандыгы тууралуу далилдерди келтирет. Айрым түрк серепчилеринин пикиринде, бул киши БЧБ менен кызматташууга СССР жоюлганга чейин эле байланышып келген жана анын уюмунун ишин алга жылдырган.

Бүткүл дүйнөгө ислам тартибин орнотууну самаган секта

Бир гана Пенсилвания менен Анкарада, «Хизмет» менен «Заманда» гүлендик «өлбөс кощей» жумурткасы жашырылган дегендик туура эмес. Булардын дагы бир бутагы Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин күрд молдосу Саид Нурси негиздеген «Нурчулар» сектасы. Нурсинин эмгектери гүленчилер үчүн марксизм-коммунизм классиктери коммунисттер үчүн кандай керек болгон болсо, булар үчүн да так ошондой керек. «Фетхуллахчылар» өздөрүн «Нурчулар» деп атаган (жарык алып келүүчүлөр деп санашат) учурлары бар. «Нурчулар» так курамдашкан көп тармактуу уюм. Алардын Анкарадагы сектасынын звеносу: 1) «шакирттер», 2) «үй имамы» (бештиктер), 3) «семт имамы» (шаар же шаар маалесиндеги бештиктерди бириктирет), 4) «булга имамы» (райондук звенонун башчысы) болуп бөлүнөт. Сектанын иши жабык мүнөздө. Курамында баардык аракеттенген мүчөлөр жана иштегендердин, ал тургай укук коргоо жана улуттук атайын кызматтардын агенттери жөнүндө маалымат базасы бар, менчик согуштук жана коопсуздук кызматы иштейт. Ар бир сектанын мүчөлөрүнө сырды тереӊ сактоо боюнча нускама берип турушат.

«Нурчулар» «сохбеттерин» (жыйналыш) 12-20 кишиден турган топ менен өткөрүшөт. Ал апта сайын бекитилген бир кишинин жетекчилиги астында уюштурулуп турат. Өткөрүлүүчү жер катары адатта секта мүчөсүнүн үйү, кээде гана түрк фирмаларынын кеӊсеси тандалып алынат. Мындай жыйындарда адатта намаз окулган соӊ Нурси менен Гүлендин эмгектери окулуп, фирманын, сектанын ишмердүүлүктөрүнө байланышкан түрдүү маселелер талкууланат. Мындай аракеттер ислам дининин негизине каршы келет.

Немец түркологу Максимиллан Поп 2012-жылы Гүлен тобуна кирген мурдагы адепт менен сектанын ички тартиби тууралуу маектешкен. Анын соӊунда түрколог минтип жазат: «жашыруун коом, секта, сайентологдордун чиркөөсүнө окшош». Ал эми голландиялык ислам таануучу, Амстердам Социалдык тарых институтунун директору Эрик-Ян Цюрхердин пикиринде Гүлендин кыймылына түпкү максатын жашыруу концепциясы негиздүү. Бул концепция Батыш өлкөлөрү менен байланышкан кыймылдарга мүнөздүү. Гүлен Нурсинин жолун жолдогондордун ичинен билим берүү жана мамлекет бийлигине кирген жалгыз жолдоочу.

Америкалык саясат таануучу Хакан Явуздун Гүлен ишмердүүлүгү тууралуу монографиясында: «Ислам мамлекети тууралуу айтылган сөзгө караганда антимусулмандык маанай көп», «исламды мамлекеттик моделге айланткандан кийин, ал ислам дини болуудан калат» – деп жазган. Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын аймагында «Нурчылар» деген экинчи аты менен белгилүү болгон Гүлен сектасына тыюу салынган. Украинада булардын уюму «Меридиан эл аралык мектептери» деген ат менен 2001-жылдан бери иштеп келет.

Америка бийлигинин алысты көрө албагандыгы

АКШда жашаган 20 жылга жетпеген убакытта Гүлен 150дөн ашуун менчик мектеп негиздей алды. Америкалык ислам таануучу, публицист Пол Уилямс «Гүлен мектептеринде бүткүл дүйнөгө ислам тартибин орнотуу боюнча идеялар алга жылдырылып жаткандыгы» тууралуу айтып, Америка бийлигинин алысты көрө албай жаткандыгына жаны ачыгадыгын жазган. Уилямстын пикиринде, мунун эӊ эле жаман жагы, бул мектептердин америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланып жаткандыгы.

Учурда Гүлен позициясын жашырбайт, анын жолун тоскон душманы – Эрдоган. Эгерде «батыштагы досторунун» жардамы менен Эрдоганды ордунан түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү жетсе, анын ордуна шакирттеринен отургуза алса, ал «суннит Хомейнисине» айлана алат.

АКШнын бийлиги Гүленде радикалдуу исламга жана кандуу «Ислам мамлекетине» альтернатива бар экендигин байкап, ага жардам көрсөтүп келет. Балким америкалык истеблишмент дагы жаӊылган чыгар. Анткени алар «Талибан», «Аль-Каида» ж.б. ислам жек көрүндүлөрүн мүнөттүк гана саясий кызыкчылыктарга жетүү үчүн пайдаланышпады беле? Албетте, Гүлен теле камеранын алдында келечектеги ислам халифаты үчүн деп душманынын башын кеспейт. Бирок, анын көптөгөн жылдар бою түзүп келе жаткан «Бүткүл дүйнөлүк ислам тартиби» кыймылынын жолдоочулары акыр аягында  адам канын төкпөйт деп ким кепилдик бере алат?

Алексей Челноков, «Совершенно секретно»

Которгон: Руслан Кальцовский

P.S.«Кыргызга орусча айтпасаӊ түшүнбөйт» – деген Салижан Жигитов агайыбыздын сөзү эске түштү. Кыргыздар камырабай жаткан учурда, орустар эбак коӊгуроо кагып, элине Гүленизмдин терс жагдайын таржымалдап берген макаланын бирин которуп калайыкка сунуштадык. Гүлендин апаат алып келчү аракеттерине батыштагылар, ал тургай америкалыктар да ойлонуп жаткандыгы тууралуу бул макалада жакшы эле сөз болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *