Мамлекеттин намысын тепсеген Максат Мамыткановдун максаты эмнеде?

   Мезгил

«Чон Казат» деген партиянын лидеримин деген Максат Мамытканов “Станрадар” сайтына маек куруптур. Мурда УКМК кызматкери болгон бул киши Кыргызстандын ички ашканасындагы айтылбай турган маселелердин “чучугун чубап” чыгыптыр. Ал тургай кошуна казак элине ык салып, Кыргызстандын аброюна бир топ эле шек келтирген маалыматтарды айтыптыр. Ага чогуу күбө бололу. 

 Арабдар биздин кыздарбызга кызыгабы, же суубузга?

“Арабдар суу ресурстарына кол сунуп, латенттик компания башташты. Мун биздеги исламдаштыруунун маанисин деп түшүнсө болот. Эгерде эч кандай чара колдонбосок, бир нече жылдан кийин Кыргызстан катардагы араб эмиратына айланып калышы ыктымал. Азыр арабдар биздин кыздарды аялдыкка алып, биздин элита менен туугандашып жатышат. Кыздын себине эмне берүү керек? Албетте жер…”

 Чекисттерди челигенде

“Биздин жана силердин чекисттер молдоке кай жакты караса, ошол жакты карашат. Алардын баары намаз окуп калышты.”

 Кыргызстанды офшорго теңеп

“Кыргызстандын акча-насыя саясаты ЭААФ жана Дүйнөлүк банк тарабынан теске салынат. Улуттук банк техникалык оператордун гана милдетин аткарып калган. 80% акча массасы көмүскөдө жана анын бюджетке, салыкка, экспорт-импорт операцияларына эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан эл сомсуз эле тынч жашап келет. А негизинен, дагы бир офшордун пайда болушуна кошуналар көңүл бурбай келишет. Мунун өзү чоң саясат.”

 Мамыткановдун мамлекеттин намысын тепсегени

“Суу үчүн эч качан согушка барбашыбыз керек. 300 миң армиясы бар өзбектер, 180 миң армиясы бар казактар менен өзүбүздүн 9 миңибиз менен физикалык жактан эч качан согушууга жетише албайбыз.”

 Казактардын этегине эрмешип

“Транспорт каридорун, темир жана авто жолдорду куруу аркылуу Кыргызстан гигант кошуналар менен алардын Жаңы жибек-жолу планына максималдуу интегрецияланат.”

Сыягы “Чоң Казат” деген аты бар, аброю жок бир партиянын лидеримин деген экс-чексит Максат Мамытканов дегендин мекени Кыргызстан эмес окшойт? Чет мамлекеттик бир маалымат агентигине маек куруп, өлкөнүн айтылбай турган көйгөйлөрүн аларга шардана кылганын эмнеге теңесек болот?…

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *