«Манас» аба майданында токтоп турган унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

   Мезгил

Чүй облусунун Сокулук районунда унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой,  маркумдун денеси  «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан токтоп турган унаанын багажынан табылган.

 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну ички иштер органдарына бир тууган байкеси 22-октябрь   аэропортту көздөй чыгып ошол бойдон кайтып келбегенин айтып арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошол эле күнү милиция унаанын багажынан изделип жаткан 39 жаштагы К.Хнын сөөгүн табышты. Анын денесинде зомбулуктун белгиси аныкталды.

Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *