Манасбек Арабаевдин үй камагындагы мөөнөтү 2-ноябрга чейин узартылды

   Мезгил

 Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин үй камагындагы мөөнөтү 2-ноябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ 29-августта кабыл алды.

 Ал 2-июнда кармалып, бөгөт чарасы эки айлык үй камагына өзгөртүлгөн болчу.

Белгилей кетсек,  Манасбек Арабаев 2-июнда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. УКМКнын билдиргенине караганда, ал чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал “саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты” деген жүйө менен иштен алынган.

Буга чейин Арабаевдин дарегине “Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда” деген сындар айтылып келген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *