Марат Кайыпов: Батукаевди акчага бошотуу сунушун Бакиев кабыл алган эмес

Мезгил

Азиз Батукаевди акчага бошотуу боюнча сунуштар мурда да болгон. Андай сунуштар ал кездеги президент Курманбек Бакиевге да жеткен. Мындай пикирин мурдагы Юстиция министри Марат Кайыпов билдирди.

Анын айтымында, ал Юстиция министрлигин жетектеп турган мезгилде эле (ал кезде Жаза аткаруу мекемеси Юстиция министрлигине карачу) Азиз Батукаевди акчага бошотуу боюнча сунуштар болгон.

-Батукаевди акчага эркиндикке чыгаруу сунушу ал кездеги президент Курманбек Бакиевге да жеткен. Бакиев бошотуп жиберүү сунуштары болуп жатканын айткан. Бирок биз уят болобуз дегенибизден кийин ал бул ишке такыр аралашкан жок. Тактап айтканда Курманбек Бакиев акча үчүн кылмышкерди азаттыкка чыгаруу сунуш кабыл алган эмес – деди Марат Кайыпов.

Мурдагы Юстиция министри Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар, бардык кызматкерлер жазасын алууга тийиш экенин кошумчалайт.

-Бир күндө көп нерсе жасалып жатат. Соттун чечими чыгып, паспорт берилип, учак конуп, учуп кетип атат. Мунун баары уюшулган. Атамбаев өзү  баш болуп буйрук берип, бул ишти көзөмөлдөп турган деп ойлойм. Себеби буларды жасагандар президенттин алдындагы органдар болуп жатпайбы.

 

Эгерде Атамбаев бул ишке аралашпаган болсо, мен күнөөлүү эмесмин десе, ошол убакта эле  Башкы прокурорду, Жаза аткаруу мекемесинин, ГАИРТтин, УКМКнын жетекчисин, Чек ара кызматынын башчысын, Саламаттык сактоо министрин кызматтан алыш керек болчу-деди Марат Кайыпов.

Эске салсак, Азиз Батукаев 1993-2006-жылдардын аралыгында Кыргызстан аркылуу өтчү маңзат соодасын көзөмөлгө алган. Анын маркум криматалык Рысбек Акматбаев  менен айыгышкан тиреши кандуу өч алууларга чейин жетип, бир канча курмандыктарга алып келген.

2005-жылы 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев абак жайларын текшерип барган учурда өлтүрүлгөн. Рысбек Акматбаев инисинин Батукаев тарабынан өлтүрүлүшүнө ошол кездеги айрым кызмат адамдарынын катышы бар деп айыптап, борбордук аянтка тарапкерлерин алып чыккан.

Ал эми 2013-жылы 9-апрель күнү кечинде Нарын шаардык соту Батукаевди 8 жыл жаза мөөнөтүн кыскартып абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин кабыл алган. Ушул эле жылдын 11-апрель күнү Жогорку Кеңеш жыйынында кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткени талкууга алынган.

Анда Башкы прокурор Аида Салянова Батукаев ак кан дартына чалдыкканы үчүн Нарын шаардык сотунун чечимине ылайык, боштондукка чыгарылганын билдирди. Салянованын айтымында, Батукаевди ооруканага жаткырууга мүмкүн болгон эмес.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин айтымында, абактагы Азиз Батукаев ак канга чалдыкты деген бүтүмдөн соң Жаза аткаруу кызматы аны ооруканага жаткырууга жолдомо берген. Бирок Бишкектеги дарыгерлер Батукаевди ооруканада дарылоо үчүн кайтарууга алуу керектигин айтып, аны жаткыруудан баш тарткан. Мындан улам Батукаевдин коопсуздугун эске алып, ооруканага жаткырылбаганын кошумчалаган.

Азиз Батукаевди Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *