Марат МУРАТАЛИЕВ: “Чоң муштугумду” карматканга укугум жок”

Мезгил

Марат МУРАТАЛИЕВ, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:  “Эң биринчи тартип керек!”

Облус башчысынан касиеттүү Таластагы абалды сурап, кабар алдык. Журналисттерге ар убак ачык жетекчи экенин далилдеген маектешибиз биздин соболдорубузга адатынча таамай жоопторун узатты.

–Марат мырза, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Таласта аты жаман таажы ылаңы катталган жок (катталбай эле койсун). Мунун себебин облустун кожоюну катары эмнеден көрөсүз?

–Биз эң оболу республикалык штабдын берген алгоритми менен иш алып бардык. Элибиз менен карантин жарыялангандан тартып өз убагында ар бир аймактарды кыдырып, ар айылдардын ортосунда атайын тосмолорду уюштуруп, тамак-ашына чейин өздөрү көтөрүшүп, жалпы калкыбыз “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” бизге, өкмөткө абдан жакшы жардам беришти. Ар бир айылдын көчөлөрүнө чейин дезинфекциялоо жүргүзүлүп, мындай аракеттер ушул күндөргө чейин кылынып жатат. Буюрса, таажы ылаңынан аман-эсен чыгып жатабыз. Сиздердин суроого ток этер жооп, облустагы ак халатчан дарыгерлер, күч органдарынын өкүлдөрү, райондук, облустук жетекчилик баарысы биригип, тикебизден-тик туруп ынтымакта иш алып бардык.

“Чоң Капка”, “Талды Булак” посторунда өз убагында таза, тыкан иштер алып барылып турду. Ушул күндөрү мекеме-ишканаларда иш башталып, элибиз маскаларды тагынышып, өздүк гигиенаны жакшы сакташууда. Силердин микрофондон пайдаланып мен Таластык туугандарымдын баарысына өкмөттү, жогорку бийликти, бизди колдоп, түшүнүү менен мамиле кылышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Өкмөттүн координациялык кеңешинин чечимдерин сыйлап, аткарышкандыктан улам биздин аймакта таажы ылаңы катталган жок. Силер айткандай катталбай эле койсун! Биз ушул эле темп менен мындан ары да ишти алып бара беребиз. Ушул күндөргө чейин өздөрүнүн демилгеси менен айыл араларына орнотулган тосмолорду кармап турган жарандарыбыз бар.

–Сиз тартипти катуу кармаган жетекчи катары сыпатталуудасыз. Карантин учурунда баш бербегендерге “чоң муштумдугуңузду” карматып, колуңуз менен жаскап ийген учурлар болгон жокпу?

–Эң биринчи тартип керек! Мен эми мындай кырдаалда “чоң муштугумду” карматканга укугум дагы жок. Айрым учурларда тил албаган, сөзгө тушүнбөгөндөрдү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн мыйзамда каралган түшүндүрүү иштерин аткарып жатышты. Бизге чет мамлекеттен келгендер алгоритмди бузуп, тил албай жатышса, биз аларды обсервацияга жаткырышыбыз керек да. Таза кылып, коомго кошушубуз керек дегендей. Таза турган Таласыбызга ылаңга кабылышкан адамдар келип, элге жугузуп ийишсе, эмне болот? Биздин жергиликтүү тургундар “чет элден келгендери штаб атайын обсервацияңарга жаткыргыла, таза кылып чыгаргыла” – дешип талап коюп жатышат. Биз азыр дарыгерлерибизди угушубуз керек. Алардын мээнеттери текке кетпеши зарыл. Тартип болсо эле баары жакшы болот. Таласта жашаган туугандарыбыздын баарысы тең тартипке көнүшкөн.         

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *