Марат Мураталиев: “Элге катуу айтып, түшүндүрүп жатам…”

Мезгил

Аймактардагы өкмөт өкүлдөрү менен акимдерден кабар алуу вазыйпабыздын кезеги бул сапар Талас дубан башчысына тууру келди. Биз облус губернаторунун телефонун бурап, андагы абалды үзүл-кесил тейде азын-оолак сураганга аракет кылдык.

–Марат мырза, Таластагы акыркы абал кандай? “Касиеттүү Кең-Колдо жашагандарда аты жаман ылаң жок” – деп жатып көпчүлүктүн көзү тийип кетти го ээ?

–Кудай сактасын, аймакта абал туруктуу эле. Аты жаман ылаң бирин-экин чыгып эле жатат. Бирок, биз ошого карабай карапайым элди кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Өткөндө мен Кара-Буура районуна келип, тажыяга келип, мүрзөдөн элге “маска тагынгыла, атайын каражаттарды колдонгула” – деп болушунча катуу айттым. Менин кабыр башынан айткан кебимди көпчүлүк тургундар, имамдар баш болуп колдошту. Мурда адамдын көзү өтүп кеткенде элге бет аарчы таратышса, азыр маска тараткыла деп айтып жатабыз. Кыскасы, тыным жок, облуста ушундай иштер болуп жатат.

–Жер-Үйдөгү абал тынчыдыбы? Өткөндөгү элдин жыйыны не менен аяктады?

–Жер-Үйдөгү абал тынч эле. Өткөндө Айбек Мырза баш болгон активисттер өздөрүнчө комиссия түзүп кетишти окшойт. Бул жерде атайын элдик комиссия иштейт. Кудай сактасын илдеттин убагында абал тынч эле жагына оойт. Негизи азыркыдай абалда баары тынч эле турушса жөндүү болмок.

–Облустагы ооруп-жыйууга карата даярдык кандай? Төө буурчактын өсүшү, чөп чабыктын жыйналышы көңүлдөгүдөйбү?

–Кудай буюрса чөптүн биринчи чабыгы чабылып калды. Төө буурчактын биринчи сугаты да аяктоо алдында туру. Кара-Буура районунда жайгашкан эң алыскы күн суук, шарты каталыраак айыл бар. Азыр ал жердже сугат иштери болууда. Быйыл буюрса буудай болобу, көп жылдык чөп болобу баары текши жакшы десем болот. Жараткан бөөдө кырсыктан тышкары кылса күзүндө баардыгы жакшы болот. “Жөжөнү күздө санайбыз” да.  

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *