Марат МУРАТАЛИЕВ, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Биз иштейбиз…”

Мезгил

Буга дейре таажы ылаңы касиеттүү Талас аймагында катталбай, уккан жандын баарысын сүйүнтүп жаткан. Соңку 2 күндөн бери аты жаман ылаң аталган аймакта да катталып, алгачкы бейтаптар дарылана баштады. Окуянын чоо-жайын сурап, облустагы жалпы абалды билүү үчүн губернатор Марат мырзаны ат жалында кепке тарттык. 

–Марат мырза, Талас дубанында аты жаман ылаңдын катталбагынын угуп, баарыбыз сүйүнүп жаттык эле. Соңку 2 күндөн бери сиздердин облус тургундарына да бул илдет жабышканы боюнча жагымсыз коңгуроо кагылганын уктук. Жакшы карап, тартипти катуу сактап жаттыңыздар эле. Не болуп кетти? Көз тийип кетти го ээ?..

–Ооба, аты жаман илдет бизден да 10-июнда чыкты. Ылаңды биринчи жуктурган бейтап дарыгер болуп калды. Ал үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенет. Лабораториялык анализ тапшырганда андан ылаң чыгып, ооруп калды. Ал дарыгерден ылаң анын жолдошуна жана бир коңшусуна жуккан. Учурда бул үчөө менен байланышта болушкан 220 дай облус тургундары текшерүүгө алынып жатат. Алгачкы ылаңды жуктурган дарыгердин жолдошунун Чыңгыз Айтматов атындагы чоң жолдун боюнча дүкөнү бар экен. Бул дүкөндөн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүйдөн ары өтүп, бери өткөндөр соода кылышчу экен. Биз ошолордон жуктуруп алган деп божомолдоп жатабыз. Кудай сактасын, облуста ылаң катталгандардын баарысын атайын тизмеге алып, катуу иштеп жатабыз. Өзүңөр билгендей Талас облусунда бир топ убакыттан бери таажы ылаңы чыкпай, таза келе жатканбыз. Бирок, эл кыймылда болуп, облуска кирип, чыккандар көп болгон. Жарандарыбыз ары-бери чыгып жатышат. Эми мындан ары кол куушуруп отуруп калбайбыз. Кырдаалды толук көзөмөлгө алабыз. Кыскасы, иштейбиз!    

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *