Марат МУРАТАЛИЕВ: “Мамлекет “Жер-Үйдү” Айбек Мырзасы жок эле карап алат”

Мезгил

Аймактардагы абал менен окурман журтчулугун кабардар кылуу максатында регион жетекчилерин кепке тартып, жаңылыктарынан сурап турган жайыбыз бар. Бул сапар Таластагы абалды билүүгө кызыгып,  өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат МУРАТАЛИЕВге суроо узаттык.

–Урматтуу губернатор, Таластагы соңку кырдаал, жазгы айдап-себүүнүн жыйынтыгы, алдыдагы түшүмдүүлүк боюнча маалымат берип койбойсузбу?

Жазгы айдап-себүү бул жазда 100,05 пайызга аткарылды. Түшүмдүүлүгүн Кудайдан тиленип жатабыз. Калганын бара көрөбүз да. “Жөжөнү күздө санайбыз” – дегендей. Ушул күндөрү сугат иштери активдүү уланууда. Бул жагынан деле көйгөй жарала элек.

–24-июнда Таластагы чуулгандуу “Жер-Үй” алтын кени боюнча чоң жыйын болоору, буга Жогорку Кеңештин депутаттары да чакырылганы маалым болууда. Адатта, мындай жыйындар провокациялык маанайлар менен коштолчу эле. Бул сапар андай болбойбу?

–Ооба, 24-июнда жыйын болоору Айбек Мырза деген жигит тарабынан интернетте сөз болууда. “Жер-Үй” алтын кени боюнча Талас өрөөнүндө атайын облустун комиссиясы түзүлгөн. Ошол комиссия азыр иш алып барып жатышат. Учурда таажы ылаңы жүз берип жатканына байланыштуу комиссиянын иши убактылуу токтоп турат.

Ал эми 24-июнда жыйын өткөрүп, бир нерсе уюштура турган болушса Айбек Мырзасы болобу кимиси болбосун мыйзам чегинде жооп беришет. Бирдеме болсо “биздин эл бар” дешет экен. Кайсыл эл чыгат экен аларга? 30, 40 баланы чогултуп алышып, элдин көзүн будамайлашабы? Мен бул боюнча бүгүн-эртең телеканалдардан билдирүү берем. Алар келип бир нерсе кыла тургандай Таласты бийлеп калышыптырбы?

Таласта эл бар, жергиликтүү элден түзүлгөн атайын комиссия бар. Биздин облуска келип бир тал сайбаган жаш балдар азыр провокация кылып атыры. Жер-Үйдү керек болсо мамлекет өзү жакшынакай карап, ордуна коюп, карап алат. Айбек Мырзасы жок эле. Бул жагынан сар-санаа болбой тургула. Баардыгы жакшы чечилет!       

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *