Марат МУРАТАЛИЕВ: “Президенттин тапшырмасы менен бул оорукана бир жарым айдын ичинде толук бүтөт”

Мезгил

–Марат мырза, өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков кече Талас облусуна расмий иш сапары менен барып кетти. Президенттин сиз жетекчилик кылган аймактагы иш сапары жөнүндө маалымат берип койбойсузбу? Деги бир маселе чечилдиби?

–Ооба, урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович атайын иш сапары менен Талас облусуна келип, алдына максат койгон иштерди көрүп, Кара-Суу айылындагы бакчанын иши менен таанышып, алдыда бул жагына жардамдар берилерин айтты. Сооронбай Шарипович тарабынан Орто-Арык айылындагы бала-бакчанын курулушу бүтүп калган иштери менен таанышты.

Биздин облуста 2005-жылдан бери Талас районундагы иштебей, капиталдык ремонтко муктаж болуп турган оорукананы бир жарым айдын ичинде толук кандуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди. Оорукананын бүткөрүлүшүнө акча каражатын бөлүп берүүнү да убадалап кетти.

Президент иш-сапарынын жүрүшүндө Бакай-Ата районундагы электр трансформацияларынын оңдолушу өңдүү иштердин жүрүшүнөн кабар алды. Сөздүн кыскасы, Сооронбай Шариповичтин биздин аймакка жасаган иш сапары жемиштүү болду.    

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *