Марлен Маматалиев: “Elite House” логотиби Кожомкулдун сүрөтүнө алмаштырылса

    Мезгил

Кожомкул атындагы спорт сарайына жасалган спонсордук иш коомчулуктун бүйүрүн кызытып келет. Бул тууралуу эл өкүлү Марлен Маматалиев да үн катты. Ал “Elite House” логотиби Кожомкулдун сүрөтүнө алмаштырылса дейт. Жаман сунуш эмес экен. Бирок келишим боюнча иш алып барган курулуш компаниясы иштин бир тобун жасап, олтургучтарга логотибин эбак эле чаптап салган. Эл өкүлү эртерээк сунуш айтса болмок экен.

Коомчулуктун сынына кабылган “Elite House” курулуш компаниясы спорт сарайына спонсорлук кылып, олтургучтарга логотибин жайнатып жазып салган. Адатта бизде кайрымдуулук менен спонсорлукту алмаштырып алгандар бар. Эгерде курулуш компаниясы кайрымдуулук ишин жүргүзгөндө, анда анын атын жазып, пиар кылгандын өзү осол иш болмок. Бирок спонсорлор адатта келишим түзүп, өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөшөт. Маданий мекемелерге спонсорлук кылуу аркылуу ишканасын жарнамалоо, салыктын кээ бир түрлөрүн төлөөдөн жеңилдик алуу практикасы өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылтылган.

Маселен Россияда ар бир театрдын спонсору бар. Алар маданият кызматкерлеринин айлыктарына кошумча да төлөп беришет. Театр билеттери, жарнамалар, афишалар, чакыруу билеттерине чейин логотиптерин чаптаган учурларды байкоого болот. А бирок “Elite House” курулуш компаниясынын спорт сарайындагы олтургучтарды оңдоодон өткөрүп, жарнамасын жайнатып салганы балким бир аз аша чапкандык болуп кеткендир. Деген менен мындай маселени спорт сарайынын жетекчилиги спонсорлор менен келишим түзгөн учурда тыкыр карап чыкса болмок. Ал эми курулуш компаниясы спонсорлук иретинде сарптаган миллиондор жана жарнама тууралуу маселени өз алдынча кеп кылган туура деп санайбыз.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *