Марлен Маматалиев: ИИМге мобилдик тиркемени иштеп чыгып белек кылууга даярмын

   Мезгил

Депутат Марлен Маматалиев парламент жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору жакшы иштеп жаткандыгын айтып, бирок аны менен катар видео көзөмөлдөр жок жерде иш эскиче жүрүп жаткандыгын белгилеп кетти. Бул кемчиликтерди жоюу үчүн жол коопсуздук кызматкерлерине, кайгуул милициясына смартфон аркылуу атайын тиркемени иштеп чыгып, анын жардамы менен иш алып барса, бир топ көйгөйлөр жөнгө салынарын айтты.

“ИИМ планшет сатып алып иш жүргүзөлү деген. Каражаттын жоктугунан бул ишке айшпай калган. Мен сунуш кылаар элем, азыр ар кимде мобилдик телефон бар. Кызматкерлер үчүн ага атайын тиркеме иштелип чыкса, ал аркылуу жол эрежесин бузууларды серверге жиберип турмак. Серверге түшкөн маалымат иштелип чыгып, кайра эле айып пул салынгандардын даректерине протоколдор “бакыт каты” түрүндө жиберилип турмак. Керек болсо жарандар унаасын айдоочулук күбөлүгү жок эле айдай алмак. Ошол эле айып пулдардын төлөнүшүн, айдоочулук күбөлүгү тууралуу да мобилдик тиркеме аркылуу билип коюшмак. Номерлерди жашыргандар, техпаспортторун жасап алгандарга да чара колдонуу жеңил болмок” – деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат мобилдик тиркеме кайгуул милициясынын иштешин да жеңилдетмек. Маселен, жаран мыйзам бузган учурда ал тууралуу милиция пунктуна мобилдик тиркеме аркылуу жиберип коймок деген пикирин айтты. Ошондой эле “Эгерде бул сунушту ишке ашырууга каражат жетишпейт дешсе, өз эсебимден мобилдик тиркемени иштеп чыгып, ИИМге белек катары сунуштаганга даярмын” – деди Марлен Маматалиев.

 Асыл таштан, акыл жаштан деп элибиз бекер айтпаса керек. Депутаттын бул сунушуна ичибиз жылып, 120 депутаттын ар бири өз эсебинен мындай сунуштарды мамлекетке берип турса, Кыргызстан эртең эле гүлдөп кетет эле го чирикин.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *