Марлен МАМАТАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Жети депутат мен аркылуу 60 концентраторго заказ кылышты”

  Мезгил

–Марлен мырза, көпчүлүк тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына карата “кырдаал оор болуп жатса эл өкүлдөрү каникулда жатышат” – деген кептер басымдуулук кылууда. Мындай өңүттөгү ойлорго сиздин пикир кандай?

–Эл өкүлдөрүнүн баары эле каникулда деп айта албайм. Кимдир бирөөлөр үйдөн чыкпай, бирок, ар кандай жардамдарын көрсөтүп жүрүшөт. Дары-дармек алынып жатат. Жети депутатыбыз концентратор аппараттарын мен аркылуу эле 60 даанасын заказ кылышты. Эл менен күнү-түнү аралашып жүргөн эл өкүлдөрүбүз да бар. Бул жагы эми адамдын ички дүйнөсү кандай болсо ошондой кыймылда иш кылат экен да. Сырттагы апаатта көрдүк го, калк ичинде патриоттор, “элим жерим” деген азаматтар да бар экен. Ошол эле учурда чириген бай болуп 1 тыйын чыгарбай, үйүндө бекинип жатып алгандар, башка жакка эс алууга чыкканддар да жок эмес экен. Ошондой акчасын, байлыгын көргө алып кете тургансып, бир жерине тыгып, бекитип отургандарга тан калдым. Тооба кылдым!

Шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча демилгелерге пикириңиз кандай?

–“Медалдын эки жагы бар” дегендей, эгер абал курчуп кетсе албетте, өткөзбөш керек. А бирок, башка мамлекеттерди көрүп жатпайбызбы, спад болот. Анда сөзсүз өткөзүш керек. Анткени, Жогорку Кеңеш легитимсиз болуп, чечимдерди кабыл ала албай калат. Ошол эле бюджет маселеси туруп калат.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *