Масалиев: “OCCRP”, “Kloop”, “Азаттыктын” иликтөөсү адабий жазылган, анда карама-каршылык көп

    Мезгил

Депутат Исхак Масалиев “OCCRP”, “Kloop”, “Азаттыктын” иликтөөсү адабий жанрда жазылган жана көптөгөн карама-каршылыктар орун алган деген пикирин ЖМКга билдирди.

“Бул иликтөөнү АКК, Башкы прокуратура текшерүүгө алып, президент өзү көзөмөлдөшү керек. Менимче Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына катышуучулардын тизмесин Алмазбек Атамбаев бекитсе керек эле. Бирок бул эң башкысы болбогон менен, президентти “чымчылап” өткүсү келгендерге шынаа табылды.

Чындыгын айтканда мага, сатылып алынган товарлар үчүн төлөнгөн акчаны чет мамлекетке чыгарылып кетип жатат дегени түшүнүксүз, нонсенс. Бизде көйгөй бар – буга чейин КЭРдин көптөгөн товарлары биз аркылуу башкаларга тараган өлкө болуп келгенбиз жана ал бойдон кала бермекчибиз. Муну менен кээде мыйзам бузулган жагдайлар да кошотолуп келет. Менимче орустар бул тууралуу өлкө жетекчилерине бир нече жолу айтып келишкен. Бул суроонун чечилиш баасы – ЕАЭБ менен тең. Мен бул жерде Россиядагы эмгек мигранттарыбыздын тагдырын жактаган тарапты колдоого алар элем”,  – деген Исхак Масалиев.

Эске сала кетчү жагдай бир топ ЖМКлардын аткезчилик товарлар боюнча журналисттик иликтөөсү интернет айдыңында кызуу талкуу жаратып келет. Анда уйгур тектүү Хабибулла Абдукадыр башкы планга чыгып, Стамбулда атылган Айэркен Саймаити анын тапшырмаларын аткарып жүргөн жөкөрү экендиги тууралуу айтылат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *