Математика айымдардын сулуулугунада кызмат кылат

    Мезгил

Математика так илим болгондуктан ал баардык тармактарда колдонулат. Кайда болбосун ченөө, эсептөөсүз жашоо мүмкүн эмес. Математика илиминин жардамы менен физика, химия, медицина жана башка секторлорлук теориялык илимдерге изилдөөлөр жүргүзүлөт. Башкача айтканда, математикасын жашоону элестетүү кыйын. Ошону менен катар эле айымдардын сулуулугуна да чоң салымын кошот.  

Темпльс университетинин медициналык мектебинин Америкалык окумуштуулары Флоридада математика аялдардын сулуулугуна кызмат кылат деп беттин параметрлерин чыгарып “матемитикалык” кемчиликсиз аялдын жүзү деп аташкан.

Кемчиликсиз бет түзүлүш стандаркка ылайык “жүрөкчө” түрүндөгү беттер математикалык сулуулуктун стандарты болуп саналат.

Дүйнөлүк пластикалык хирургияда “жүрөк түрүндөгү” бет түзүлүш каралган.

Окумуштуулар беттин 13 параметрди аныкташкан. Анын ичинен эң негизиги  8 сулуу бетти эсептеп чыгышкан.  Изилдөөчүлөр 55 сулуу аялдардын беттеринен аныктап карап көрүшкөн.

Жыйынтыгында математикалык көз караш менен алганда, кемчиликсиз бет түзүлүш көздөрдүн ортосу 59,2миллиметр, көздөн беттин сөөгүнө чейинки аралык 13,1миллиметр, ал эми мурунга чейинки аралык 43,6миллиметрди түзүш керек.

Окумуштуулардын жыйынтыгында белгиленгендей, көрсөтүлгөн параметрлер пластикалык хирургдарга жана косметикалык жаатта иштегенде жардамы тиет деп белгилешет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *