Мавлян Аскарбеков: “Эртеңки депутаттык менен вице-премьерликке өзүмдү даярдап жатам”

Мезгил

-Мавлян мырза, алдыдагы парламенттик шайлоого катышайын деген оюңуз барбы? Мен билгени бала күнүңүздөн шайлоолорго катышып эле келе жатасыз. Бул жолу да бир чамынып көрөсүзбү? Же бийликтин даамын татып калган жаныңыз бул сапар аламанга ат койбойсузбу?

–Шайлоого буюрса катышам. 2005-жылдан тарта коомдук, саясый иштерге жакындан аралашып, саясатта, ошол эле оппозицияда, мыйзам кароодо тажрыйба топтодум. Акыркы эки жылда муниципалдык, административдик тажрыйба алып, эртенки депутаттык, өкмөттөгү вице-премьерлик жана андан жогорку тепкичтердеги жоопкерчиликти алууга өзүмдү даярдап жатам.

-Бийликтегилерге, Ак үйдөгү үлкөндөргө дагы деле “ак карга” боюнча калдыңызбы? Же президенттин командасынын ишенимине кирдиңизби? Ай бирок, ушу сизге ишенишпейт го ээ?

–Ачык айтканда мен өз позициямдан тайган жокмун, тайбайм дагы. Бирөөгө жагалданып, кызмат алып, арам оокат кылчу коньюктурщик эмесмин. Билимимди, тажрыйбамды, принциптеримди алдыга коюп иш кылам. Бүгүн заман өзгөрүүдө, талаптар күчөөдө. Мамлекеттин кызыкчылыгы, реформа, өзгөрүү кыла ала турган күчтүү кадрлар керек экенин, эл, мамлекет үчүн кызмат кылуу зарылдыгын баары түшүнүп турат деп ойлойм. Президенттин, команданын же бир партиянын ишеними эмес, элдин колдоосу зарыл. 2010- 2015-жылдардагы шайлоолордогу фракциялардын, депутаттардын жана Атамбаевдин тагдыры баарына сабак болушу керек.

– «Жаңы Муундагы» жигиттер шайлоонун алдында 2015-жылдагыдай болуп бир партияны сүрөйсүңөрбү? Же ар кимиңер ар кай жерге чачырап кеттиңерби?

Саясат иштердин эң кыйыны. Саясатты ыплас, кир, арам кылган неадекват, мошенник, аферисттер көп. Принцип, намыс, даанышмандык эмес, жеке кызыкчылыкка ооп кеткендер мындан көп. «Жаны Муун» кыймылында саясатта, оппозицияда, күрөштө бышкан, ишенимдүү, билимдүү, адекваттуу кишилер бар. Шайлоону кандай өткөрүү, катышуу боюнча кеңешип жатабыз. Чечим кабыл алсак жарыялайбыз.

–Баса, кайсы партиянын катары менен чыкчудайсыз?

–Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекетибизди туңгуюкка кептеген «Алга Кыргызстан», «Ак жол», КСДП сыяктуу партияларга кошулбай, «өзгөртөбүз, өнүктүрөбүз» деген күчтүү командага, партияга кошулууну көздөп турам. 3 тилде эркин сүйлөп, 2 жогорку окуу жайын артыкчылык менен аяктап, чет өлкөдө иштеп, оппозицияда, дебаттарда, административдик иште тажрыйба топтоп, чоң жоопкерчиликти алууга көп жылдан бери даярданып келем. Буюрса сүйлөшүүлөр аяктаган сон маалымат жыйын уюштуруп маалымдайм.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *