Мавлян Аскарбековду кайсыл кара теке сүздү

    Мезгил

Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков “Турганбаев менен Икрамов өз милдеттерин аткарышса кол чапмакмын” – деп коомчулукка өзүн жылдыз көрсөткүсү келиптир. Бул жараныбызга күз келип, жалбырактар түшө баштаганы таасир эткенби, же келерки жылдын шайлоо шамалы эпкиндеп өткөнбү, же Арстан Алайдан жашыруун сабак алып жүргөнбү, айтоор ушинтиптир.

“Интернеттен айрым адамдардын дүйнө чемпиону болгон Мелис Турганбаевди чогулуп тосуп алууга элди чакыргандарын көрүп калдым. Икрамов жөнүндө да жазгандар болду. Тазабек Икрамов – Жогорку Кеңештин депутаты. Мен болгону «Ал жөнөкөй элдин жашоосун жеңилдетчү мыйзам долбоорун жаздыбы, ЖАМКда Турганбаевди ардактап тосчудай реформалар жүргүзүлдүбү?” деген суроомду бердим.

ЖКтин депутатынын милдети – өлкө менен жөнөкөй элдин жашоосун жеңилдетчү мыйзамдарды иштеп чыгып, даярдоо. Мен бул адамдар, эгерде өз милдеттерин так аткарышса, бирөө мыйзам жазып, экинчиси көптөгөн терс көрүнүштөр учураган мекемеде реформа жүргүзсө, анан кол чапмакмын. Мен болгону ушул суроолорду ортого салдым. Болгону ушул. Мага жогорку саясий кызматтарды ээлеген адамдар өздөрүнүн түз милдеттерин аткарышабы же жокпу, жаран катары абдан кызыктуу” – деген Мавлян Аскарбеков.

Өткөн жумада Тбилиси шаарында ардагерлер арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты болуп өткөн. ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев бул турнирде алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиондугун алган. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло медалга ээ болгон.

Эмне, жашы бир топко барып калса да Мелис Турганбаевдин алтын медалга жеткендиги кыргыз үчүн сыймык эмеспи? Тазабек Икрамовду коомчулук аначалык сынга алып келген болсо да ал спортчу экендигин унутпашыбыз керек. Коло медалга татыгандыгын сыймык менен белгилегенге эмнеге болбосун?

Бул жерде мамчиновник аталган Мавлян Аскарбековдун эмнеге ичи күйүп жатат? Жөн гана көрө албастыкпы? Керек болсо Мавлян Аскарбековдун өзү эмне жумушту кыйратты эле, айтып берсинчи, деген суроону өзүнө карата жолдосок туура болобу? Мамкызматкерлерде кызматтык этика деген болот. Муну Мавлян Аскарбеков сактап жатабы? Эгерде Мавлян Аскарбеков өзүнүн саясий пикирин ачык билдирген, ашкере демократ мамкызматкер болсо, анда анын акимдин орун басары катары иштегенге моралдык укугу барбы? Сынчынын чыңар өтүгү майрык дегендей, өз ордун билбей туруп, башкаларга сын таккан мамлекеттик кызматкердин орду менимче акимиятта эмес, бакан ооз саясатчылардын арасында болсо керек.

Макул Тазабек Икрамов коомчулуктун сынына көп кабылып келе жаткан, саясатка батыл аралашпаган, депутат катары тажрыйбасы азыраак эл өкүлү дейли. А бирок анын спортчу катары жетишкен ийгилигин эмне үчүн коомчулукка айтууга болбосун? Депутат катары жасаган иштерин Мавлян Аскарбеков бир ооз жели менен жокко чыгарып койгусу келеби?

Журналист катары Мелис Турганбаевди көп сынга алып келген жайым бар. А бирок ал кишинин өз ишинин чебери экендигин, жашы бир топко барып калса да ардегерлер арасында күрөш боюнча жарата алган ийгилигин сыйлап келем. ЖАМКга барганы башкаларга байкала бербесе да бир топ иштерди жасай алгандыгын адилеттик үчүн айта кетким келет. Мелис Турганбаев түрмөдөгү “греф”, тосмо аркылуу баңги заттарды ичине ыргытуу, түрмөнү кайтарган кызматкерлердин абактагыларга буюм ташыган, телефон аркылуу акча алып сүйлөштүргөн, “передачка” ташыган жосунсуз жоруктарын тыя алды. Ички иштер министри кезинде шаардагы коңулда жаткан ИИБлерди элге көрүнүктүү жерлерге, жолдордун боюна көчүрүп, контейнерден милиция бөлүмдөрүн салдыра алды. ИИМдин ишин реформалап, милициянын ишин ачык жүргүзгөнгө салымын кошо алды.

Мына ушундай жетишкендиктерди Мавлян Аскарбеков эмне үчүн көргүсү келбей жатат?

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *