Мечиттерде жума намазынын окулушуна уруксат берилди. Жаңы эрежелер

   Мезгил

   Мечиттерде жума намазынын окулушуна уруксат берилди. Буга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттердеги жаңы эрежелерди билип алууга чакырды. 

Мечитке келгенде сактык чараларын бекем сактаңыз!

Талаптар: 

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын  беткап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

-Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү,  ынтымакка,  биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.

-Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Жалпы жарандарды беш убак  намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы  талаптарды толук сактоого чакырабыз.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *