Медер Ирсалиев: Пенсиялар өз убагында төлөнөт

Мезгил

Пенсиялар өз убагында төлөнөт. Мындай пикирин Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат. Каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт.

Кыргызстанда 670 миӊден ашык карылар пенсия алат. Алардын ичинен 55%ы банкттардан пенсиясын алса, 45%ы пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алат. Банктык картасы жокторго почта кызматынын кызматкелери пенсиясын үйлөрүнө жеткирип берет-деди Медер Ирсалиев.

 Социалдык фонддун маалыматында Кыргызстанда жалпы пенсия алгандардын саны 670 миңден ашык. Социалдык фонд ай сайын пенсияларды төлөөгө дээрлик 4 млрд. сом коротот.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *