Медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр үчүн кошумча 430 млн сом бөлүндү

   Мезгил

Республикалык бюджеттен саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана оорунун очогу жайгашкан аймактарда иштөөгө тартылган жактарга 2020-жылдын июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө кошумча түрдө 430 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган чечим эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда   жугуштуу оорулардын козгогучтарын жуктуруп алуунун жогорку деңгээлине байланышкан иштерди аткарган медициналык кызматкерлерге дем берүү максатында кабыл алынган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *