Медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Мезгил

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Кара-Көл шаардык оорукананын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда  билдирди.

 Премьер-министрдин айтымында  дарыгерлердин маянасын көбөйтүү үчүн зарыл каражатты бөлүү чечими кабыл алынды.

Абылгазиев айлыктын көтөрүлүшү айрым категориядагы медицина кызматкерлерине гана тийиштүү болорун белгиледи. Ал эми алар кайсы категориялар экени такталган жок.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-августта,  иш  сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *