MegaCom компаниясынын жетекчилиги канча маяна алаары айтылды

  Мезгил

 Бүгүн, 31-майда  “КТ-Мобайл” мамлекеттик ишканасынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Жыйында  Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат  Асылбаева  «Альфа Телеком» (ТМ MegaCom) компаниясынын жетекчилиги канча маяна алаарына кызыкты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ренат Түлебердиев башкы директор айына 200 миң сом, орун басарлары 165 миң сом жана 145 миң сом, ал эми колдоо кызматынын директору 125 миң сом маяна ала турганын билдирди.

«Альфа Телеком» (ТМ MegaCom) компаниясынын башчысы Акылбек Жамангуловдун айтымында, компанияда кызматкерлердин эмгек акысы төмөндөтүлгөн. Бирок башкы адистердин, анын ичинде IT адистердин маянасын азайтпоо чечими кабыл алынган. Анткени мыкты адистерди башка уюлдук операторлор өзүнө тартып алышы мүмкүн.

«Алар 500-1000 долларга көбүрөөк сунуштап, жакшы адистерди өзүнө тартып алышат», – деди ал.

Жамангулов салыштыруу үчүн «Beeline» жана «О!» уюлдук операторлорунун жетекчилеринин эмгек акысы канча экенин айтты. Алардын биринин айлык маянасы 18 миң доллар болсо, экинчисиники 28 миң доллар. Бирок ал бул жетекчилер кимдер экенин  ачыктаган  жок.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *