“Мекен Шейиттери”: Апрель баатырларына үйдү Атамбаев чөнтөгүнөн куруп берген эмес!

   Мезгил

Мурдараак депутат Ирина Карамушкина “Апрель баатырлары” Алмазбек Атамбаевди неге коргоп чыкпайт деген нааразычылыгын билдирген эле. Ошол замат эле Карамушкинага “Айкөл Таза Коом” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү каяша айтып чыгышты. Алар Атамбаевди кезинде колдоп, тегерегинде жүргөндөр Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиевге карата “түкүрүү” менен мамиле жасашкан деген жүйөлөрүн билдиришет.

Ал эми Атамбаевден белекке үй алган чакан топ, “Баатырлар Үмүтү” деген коомдук бирикменин өкүлдөрү “Айкөл Таза Коомдун” өкүлү Усупбий Шеримбаевдин билдирүүсүн айыптап, аны бетпак деп аташып, айтылган кептер карандай калп дешет. 

Эми “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмеси да Ирина Карамушкинанын билдирүүлөрүн адепсиздик деп санашарын айтып чыгышты. Алардын пикиринде Атамбаев революцияны менчиктеп алгандай. Апрель деген аталыштагы менчик фонд, теле канал, мечит бар. Арадан 10 жыл өтсө да айрым саясатчылар тарабынан “Апрель баатырларынын” атына басмырлаган оюндар, соодалашуу жүргүзүлүп келет. “Эгер баатыларга үй берилген болсо ал бюджеттин эсебинен, б.а. элдин акчасына курулган үй. Аны Атамбаев чөнтөгүнөн куруп берген эмес!

Ошондой эле революция учурунда баатырлар үй-бүлөлүк башкарууга каршы адилеттик орнотуу үчүн күрөшүшкөн, жандарын аяшкан эмес. Алар Атамбаевдин керт башы үчүн жана коррупциялык жол менен байышы үчүн күрөшкө чыгышпаган – дешти  “Мекен Шейиттеринин” өкүлдөрү.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *