Мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

  Мезгил

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. 

Маалыматка ылайык, бул чектөө окуучулар менен катар мугалимдерге дагы тиешелүү. Аталган өлкөдөгү шаардык жана райондук орто мектептерде ата-энелер чогулушу болуп, балдар сабакка телефон алып келбеши эскертилүүдө. Анда класс жетекчи айрым окуучулар мугалимдер менен балдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди видеого тартып, интернетке жарыялап жатышканын билдирди.

Бирок балдарга сүйлөшүүгө ылайыкташкан жөнөкөй телефондорду сатып берүү сунушталды.

Белгилей кетсек, 14-январда радионун Ашхабаддагы кабарчылары мектепте телефон колдонууга салынган тыюу окуучуларга гана эмес, мугалимдерге дагы тиешелүү экенин билдиришкен.

Былтыр февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери Ашхабаддын мектептеринде рейддерди өткөрүп, окуучулардын телефондору текшерилгени кабарланган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *