Менде бир кеп бар: Англия экономикалык саясаты: Эң бай штат Бенгалинин үчтөн бири ачкалыктан өлдү!

Мезгил

(Уландысы)

Бүгүнкү “демократия орнотобуз” ураанынын ал кездеги версиясы “илим-маданият алып келдик” болчу

Бул арада Англиялык British East India Company Индияны басып алды (ал учурда бир жеке менчик компаниянын бир мамлекетти басып алуусу нормалдуу көрүнүш эле).

Империалисттер ал кезде басып алган аймактарына “силерге илим -билим, маданият, технология алып келебиз. Силерди да өнүктүрөбүз” деген ураан менен келишчү. Жергиликтүүлөрдү жакшы ниетте, жакшы проекттер менен келатканына ишендиришчү. Азыркы варианты “демократия орнотобуз, сөз эркиндиги, аялдардын эркиндиги алып келебиз”.

Англия экономикалык саясаты: Эң бай штат Бенгалинин 3/1 и ачкалыктан өлдү!

Албетте, фактылар бул жомокторду тез эле жокко чыгарып аткан. Уурдоо, талап-тоноодон башканы билбеген ачкөз англиялыктар  Индиянын эң бай штаты болгон Бенгалды 1764-жылы басып алышты. Тез арада аймакта жокчулук жарата турган экономикалык саясат жүргүзүшүп ал -1769-1773-жылдар уланды. Бул апаатта ачкачылыктан штаттын калкынын үчтөн бири же 10 миллион Бенгалдык жок болду. Мунун баары Англиялыктар аймакка келгенден 10 жылга жетпеген убакытта болуп өттү. Булардын баары бир Европалык шекерлүү чай ичсин, таттуу жесин, Кытайдын чынысын алсын, Индиянын татымалдарын жесин үчүн болуп атты.

Мындай чоң балээге кабылгандар бир гана Америкадагы, Африкадагы, Австралиядагы же аралдардагы жергиликтүүлөр эмес болчу.  Азиянын улуу императорлуктары Осмон империясы, Кытайдагы хандыктар Европалыктардын чоң ачылыш жасаганын билишкен.

Эмне үчүн мусулмандар же кытайлар эмес?

Технологиялык жактан Осмон империясынын деле Европалыктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрү болгон.  Америкадан бир канча аймакка ээлик кылып алышса болмок. Бирок, ой жүгүртүүсү, логикасы Англиялыктардай эмес болчу.  Англиялыктардын технологиялык жактан алдыда болбосо деле, капиталист (же “уурулук, талап тоноочулук”) сыяктуу логикасы бар эле. Мындай мамиле жасаганга көнүп калышкан болчу.

Франция менен АКШ деле Англиянын жолун жолдоп “ийгиликтүү” болушту. Себеби алардын идеологиялык, мадания баалуулуктары, ишенимдери окшош болчу.  Кытайлар менен Мусулмандар, түрктөрдүн ойлонуусу логикасы башкача болчу. Коомдо да кирешеге карап мамиле кылуу эмес, башкача баалуулуктар өкүм сүрчү. Ошондуктан бул “уурулук, талап-тоноо”саясатында алар ийгиликтүү боло алышкан жок. Осмон империясы, Индиялыктар же Кытайлыктар жагдайды баамдап, өнүгүүгө кадам койгондо өтө кеч болчу.

  1. Индустрияга жаткыра турган инвестициясы жок эле. Осмон Империясында кредит, пайыз арам деп отурганда, Амстердам ири финансылык борборго айланган болчу.

Соңунда

Ошентип 15-16 кылымда океанга чыгышты. Африка, Америка, Тынч океанын ашты. Дүйнөлүк колонияларын курушту. Дүйнөлүк соода жолун курушту. Европалыктар Америка, Африка, Австралияны болушунча тоноп атып Азия менен соодалаша турган байлыкка жетишти. Алтын-күмүш, алмаз кендерин ачышты. Шекер, тамека, пахта талааларын курушту.  Ал соодадан түшкөн акчаны дагы жаңы жерлерди таап, жаңы технологияларды жаратканга, илимий ачылыштарды жасаганга инвестиция кылышты.

Американын кырылган 100 миллион адамы, Австралиянын тукум курут болгон жергиликтүүлөрү, алардан бошотулган жерди иштеткен Африканын кулдары Европада Бетховенди угуп, апакай көйнөктөрдү кийип светский балдарга барган Европалыктын жашоосун ушунчалык жакшыртты дейсиз, 17.кылымда Европада бир адам бир жылда дээрлик таптакыр шекер жеген эмес, а 19.кылымда шекердин көлөмү адам санына эсептегенде 8 килограммга жеткен.

         Илим-билим, технологиянын кызматы!

Билим дегенде, өтө позитивдүү ойлонбоңуз. Кайсы бир илимий проект каржылаганда байытабы, күчтөндүрөбү деген ойдун негизинде гана каржыланган. Дүйнөдөгү адамзаттын бактылуулугун кантип көбөйтөбүз дегендей темадагы изилдөөлөр спонсор таап ишке ашуусу кыйын болчу. Мисалы жаш балдардын психологиясын изилдеп, дагы канткенде аларды бактылуу кыла алабыз дегендей изилдөө менен, уйларда сүттүүлүктү көбөйтүүчү химиялык зат ойлоп табуу сыяктуу эки изилдөөнүн кайсынысы изилдениши мүмкүн? Албетте экинчиси.

Маданияттарды изилдөө. Билим Мусулмандардын тарыхын үйрөнүп баалуу мурастарын азыркы муунга жеткирели, жакшы сапаттарын үйронөлү деп изилдеген эмес. Булардын маданиятында кандай оош-кыйыштар бар, кандай каршылаштыктар бар, кайсы тарыхын кантип өзүбүздүн саясатты жүргүзүү үчүн, бийликти сактап калуу үчүн колдонобуз деген максатта изилдеген.

Аны менен да калбай, биологдор, антропологдор лингвисттер Европанын улуу эл экенин, акылдуурак экенин далилдеген бир топ илимий изилдөөлөрдү жасап, Европанын башка элдердин үстүнөн үстөмдүгү жана башкаруусу зарыл экенин, башкаларга жол көрсөтүп, илимге жол ачуусу керектигин айтып чыгышты.

Бүгүн баарыбыз сөз жүзүндө Европаны ушунчалык жаман көрүп жаткан болушубуз мүмкүн. Бирок, планетадагы ар бир адам саясат, медицина, согуш, террор, экономиканы Европанын көзү менен, батыштын медиасы менен тааныйт. Европанын мелодиясы менен жазылган музыкаларды угат, кинолорду көрөт. Дүйнөлүк экономикалык күч болуп келаткан Кытайдын экономикасы деле Европа финансы моделинде.

26 адам = 3,8 миллиард адам

 Бул ачкөздүк саясаттын соңу эмнеге алып келди? 2019-жылдагы дүйнөлүк киреше позитивдик экономика менен караганда 1500-жылдагыга караганда өтө ийгиликтүү, байыдык. Бирок, нормативдик экономика менен караганда, өтө начар. 2019-жылы 26 эң бай адамдын байлыгы планетадагы калган жарым адамдын байлыгы менен бирдей.  26 = 3 800 000.

Тарыхты карап келечекти биле албайбыз. Бирок, азыркы абалыбызды жакшыраак түшүнөбүз.  Булардын баарын келечекте башыбызга кандай белээ келиши мүмкүн экенин түшүнүү үчүн билишибиз керек.

Биз азыр өзүбүздү таануунун заманы келди. Биз деген биз- эл аралык мамилелер теориялары 3-дүйнө өлкөлөрү деп атаган өлкөлөрү.

Сөзүмдүн аягы. 1500-жылдардагы Европанын абалы менен азыркы учурдагы Ислам дүйнөсүнүн абалын салыштырып көрүңүздөр. Абалыбыз Кудайга шүгүр. Биз да ошол кездеги Европалыктарга окшоп бир жол таба турган абалга жетип атабыз. Мусулмандарга болгон кысымдын күчөшү, бул демек мусулмандар чоң секирик жасашына аз калды деп үмүттөндүрөт.

Автор: Гиза Маматкулова

Эскертүү: Автордун көз карашы редакциянын көз карашын билдирбейт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *