Мэрия: Күндүзгү жана түнкү стационарларда  күн сайын бейтаптардын саны азайууда

 

Мезгил

Бишкек шаарындагы күндүзгү жана түнкү стационарларда  күн сайын бейтаптардын саны азайып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Анткен менен  күндүзгү жана түнкү стационарлар  күчөтүлгөн режимде иштөөдө.  Бир жума мурун күндүзгү стационарлар дээрлик 5 миң адамды кабыл алса, кечээ, 19-июлда 3 миң 489 адам тамчылатма дары жана дарыгерлерден кеңеш алып, 16 адам ооруканага жаткырылды.

19-июлга карата күндүзгү стационарларда 57 миң 725 адамга жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен 279 адам ооруканага кабыл алынды. Бүгүн, 20-июлга караган түнү кечки стационарлар 665 адамды кабыл алып, алардын ичинен бирөө ооруканага жаткырылды. Түнкү стационарларга жалпы 3 миң 74 жаран кайрылды.

Жакында эле №38 мектептин базасында 50 орундуу күндүзгү стационар ачылган. Бүгүн бул стационарга 177 адам кайрылса, алардын ичинен 116 бейтап тамчылатма дары алып, 2 адам ооруканага жатты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *