Мэрия: Санитардык-экологиялык эрежелерди бузган кафелерге 46 миң сом айыппул салынды

   Мезгил

Бишкекте санитардык-экологиялык эрежелерди бузган кафелерге 46 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

 Маалым болгондой, санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 90 чарба субъектиси текшерилип, Бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча 46 миң сомго 12 протокол толтурулган. Санитардык нормаларды бузгандардын арасында “Кайнар”, “Палацио”, “Сары Өзөн” ресторандары, “Абстракт” кафеси, Турусбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Народный” супермаркети, “Даамдуу” тез тамактануучу жайы бар.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номери: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *