Мэрия: Түлеев мыйзамдуу түрдө мэрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-мэр

     Мезгил

Бишкек шаарынын мэриясы, расмий түрдө баш калаанын мэринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев экендигин билдирет. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ал мыйзамдуу түрдө экс-мэр Азиз Суракматов тарабынан дайындалган (КРнын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 5-пунктунун 1-бөлүгү, 21-беренеси жана 27-беренеси). А.Суракматовдун кетүү тууралуу арызын КР президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда кабыл алган.

“КР “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, КР премьер-министри мэрдин милдетин аткаруучуну дайындай алат жана шаардын мэринин милдеттерин аткарууну Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлөт. Демек, бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт жана аткарылат. Кыргызстандын борбору укук талаасында! Расмий түрдө, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика-Ата Журт” фракциялары аталган кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди колдогон жок жана колдобойт”, – деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги баса белгилегендей, де-юре жана де-факто Нариман Түлеев биринчи вице-мэр бойдон калууда.

 Белгилей кетсек,  буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу, биринчи   вице-мэр Нариман Түлеевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өткөн.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *