Мэрия: Жер үстүндөгү өтмөктөрдө лифттер кары-картаңдар жана майыптар үчүн

Мезгил

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жер үстүндөгү өтмөктөрдө лифттер кары-картаңдар жана майыптарга гана арналган.

 Маалым болгондой,  алар иштебей жатканы боюнча жашоочулардын нааразылыгына карата билдирди.

Ага ылайык, тепкичтер курулганына карабай, дени соо жаштар лифттерди арбын колдонууда.

Анысы мындай турсун, бейбаштар техниканы талкалап кеткен учурлар да жок эмес. Буга байланыштуу мэрия курулушка аяр мамиле жасоону суранууда.

Эске салсак, экинчи кабатка көтөрүүчү лифттер Чүй-Алмата көчө кесилишиндеги жана Аламүдүн базарынын жанындагы жер үстүндөгү өтмөктөрдө бар.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *