Миграция кызматы: Кытайдын 8900 жарынына Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат берген

Мезгил

Учурда Кыргызстанда жумуш үчүн уруксат алган 1953 кытай жараны жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Анын айтымында 2019-жылы аталган мекеме Кытайдын 8900 жарынына иштөө үчүн уруксат берген.

-Учурда Кыргызстанда жумуш үчүн уруксат алган 1953 кытай жараны жүрөт. 2020-жылдын январь айында майрамга байланыштуу 5314 кытай жараны чыгып кетип, кайтып келе элек. 2019-жылы чет өлкөлүк жарандарга жумуш үчүн бөлүнгөн 17400 квотанын 12400ү пайдаланылды-деди Ибраимжанов  

Мамлекеттик миграция кызматы Кытай өлкөсүнүн жарандарына эмне үчүн кѳп квота берилген деген суроого,  Кыргызстанда кытайлык инвестор ишканалар көп деген жүйѳѳнү карманышууда. Ал эми коомчулукта ѳлкѳ ичинде мыйзамсыз иштеген кытай жарандары көбѳйүп жатат, тийешелүү мекемелер кайда карап отурат деген сын-пикирлер арбын. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *