Милиция кызматкерлерине баш ийбей сөгүнгөн кыз 15 күнгө камалды

  Мезгил

Бишкекте милиция кызматкерлеринин айтканына баш ийбей, оозго алгыз сөздөр менен сөгүнгөн кыз 15 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-апрель күнү саат 17:30 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен бет кап тагынбай көчөдө жүргөн кызды кармашкан. Ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө ал оозго алгыз сөздөр менен сөгүнүп, милиция кызматкерлерине жүктөлгөн мыйзамдуу талаптарды аткарган эмес. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы күч колдонуп, кол да көтөргөн.

Мындан улам бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми коомдук тартипти бузган кыздын аты-жөнү такталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран болгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, ал 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *