Министр Чодуевдин башынан кара булут айланып турат

    Мезгил.

Абылгазиевдик өкмөт оңоло албай бараткандай. Өткөндө анын «оорулуу тиштерин» санап берип, аларды жулууга «600 доллардык аттиш керек» деп оозубузду жыя элегибизде Солтон-Сары окуясы башталып кетти. Өкмөт башы командасы менен окуянын тереңин териштирип, оң жолго бургандын ордуна «Минте берсек инвесторлор качат» деп элдин кыжырына тийип алды. Сыртынан момун көрүнгөн биринчи вице Кубатбек Боронов да окуядан алдың Солтон-Сарынын тегерегиндеги элдер менен жолукканда корстугун көрсөткөн. Эми минтип Абылгазиевдин өзү оозунан жаңылып алып эл менен жолугушууга бара албай олтурат. Ал ортодо кытай элчилигинен да кагуу жегендей эле болду. Кенчилер этегин жыйып, бир айга ишин токтотушту.

Абылгазиевдик министрлер Кудайбердиева, Чолпонбаев, Жунушалиев, ж.б. ж.б-ларга толгон-токой сындар айтылып, отставкага кетүү сунушталып келет. Эми кара басып айыл чарба, суу чарба, тамак-аш жагын тейлеген министр Эркинбек Чодуевдин башынан кара булут айланып туруп алды. Анара Беккулиева дегенин кытай көргөзмөсүнө министрдин орун басарынын «атын мингизип», «камчысын колуна карматып» аттантып жиберген экен, анын ыспапакеси Торугарттан өтөрдө жарабай калып, уят болуптур. Мунун социалдык тармактар аркылуу кабарлашты. Анараны аттантып, колуна «бул биздин министрдин орун басары менен тең киши» деген кагазды Чодуев жазган-жазбаганы таң имиш. Ыспапаркенин чын-төгүн жазылнанын териштирип жатышат. Анара айым болсо эмгек өргүүсүнө өргүп кетти. Бул айымга байланышкан дагы бир иш кагазы интернет айдыңына тарады. Ал кагазга министрдин орун басары Жаныбек Керималиев кол коюптур.

Ошол эле кезде министр мурда жетектеген Оштогу «Ак-Текс» ишканасын Чодуев министрдин орун басары болгон кезден бери колдоп келе жаткандыгы тууралуу тоголок кат тарады. Өздөрүн активистпиз дешкен топ «Ак-Текс» ишканасынын негиздөөчүсү Тотухан Мамажанова Эркинбек Чодувдин жубайы, директор Юлдаш Урайымович Чодуев министрдин бир тууганы экен. Ошондуктан ишкананын ити чөп жеп, ташы өйдө кулап жатыптыр.

Кантсе да Чодуевге карата казылган ор терең казылды сыяктанып калды. Эгерде жогорудагылар далилдене турган болсо карьерасына чекит коюлушу мүмкүн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *