Билим берүү министри Каныбек Исаков контейнерден мектеп дагы кайсы райондо бар экендигин айтты

Мезгил

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Нарындан башка дагы кайсы райондо контейнерден мектеп бар экендигин айты. Ал эми чатырларда окуткан мектептер жок дейт министр.

 Ал  бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2019-жылдын бюджетиндеги «Капиталдык салымдар» беренесинде каралган объектилердин курулушу жана каржыланышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

 Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарындагы «контейнер-мектептин» чатагын өкмөт өкүлдөрүнүн эсине салып, өлкө аймагында канча контейнер мектеп иштеп жатканына кызыкты.

Билим берүү министри Каныбек Исаков Кара-Суу жана Нарын райондорунда бирден мектеп бар экенин, ал эми чатырларда окуткан мектептер жок экенин билдирди.

Министрдин мындай маалыматына анчалык ишене бербеген депутат ушу тапта Ноокат районуна караштуу Жаш айылындагы окуучулар чатырга окуп жатканын айтты. Ла «Сауд Аравия фондунун 30 млн доллар каражатына салына турган мектептер боюнча ратификациялык келишим эмне үчүн создугуп жатат?» деген собол салды.

Министрликтин статс-катчысы Самат Бөрүбаев кеӊеш берүүчү компанияны тандоо маселесинде кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди. «Биринчи компания менен контракт бузулган. Ахыр экинчи компания менен иштетип жатабыз. Буюрса, фонддун каражатына 27 мектеп курулат», – деди ал.

Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 13 млрд сомдон ашуун кошумча каражат талап кылынат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *