Министр Каныбек Исаков мугалимдердин маянасы аркылуу үнөмдөөнү баштадыбы?

     Мезгил

Мугалимдердин май айына карата маянасын билим берүү министрлиги үзүп-жулкуп, кыскартуу менен берип жатышканын моюндашабы? Бир аз, бир аз кессе го мейли эле, айрым мугалимдердин маянасын 10 миң сомго чейин кыскартып салганы кайсы акылга сыят? Бул эмне деген логика? Мамлекет чыгашаларды мугалимдердин таман акы, маңдай теринен тапкан олжосунан үнөмдөп жатышабы? Биз бир эле мисалды сунуштайлы. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына бир катар мугалимдердин нааразы болуп жатышканын, эсеп-кысапты тез арада кайрадан эсептеп беришпесе президенттин өзүнө чейин арыздана тургандыгынан кабардар болушту.

Азырынча жергиликтүү мугалимдер коңгуроону министрдин өзүнө кагууну максат кылышууда. Андыктан, министр Каныбек Исаков менен жергиликтүү бийлик Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн эсеп-кысап жүргүзгөн эсепчилерине тез арада көңүл бурушпаса абал чатагына айланып кетчүдөн. Мамлекет үнөмдөөнү эми мугалимдердин маянасынан баштаса жыргаган экенбиз. Биз бийликтин мугалимдерге “кам көргөн” мындай “сюрприздерин” иликтөөгө алмакчыбыз.       

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Министр Каныбек Исаков мугалимдердин маянасы аркылуу үнөмдөөнү баштадыбы?”

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Мезгил Ньюс фейсбук баракчасына чыккан билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча макалага төмөнкүлөрдү билдирет.
    Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн саатына карата эмгек акы төлөөнүн негизинде эмгек акы төлөө шарттары каралган.
    Аталган макалада Кочкор районунун билим берүү кызматкерлери 10 миңге чейин эмгек акы май айында кыскаргандыгы чындыка жатпайт.
    Министрлик дистанттык окуу режиминде баардык билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын март айынан тартып 30 майга чейин толугу менен каржылап берди. Май айы иш күндөрү 17 күн болгондугуна жараша 4-май жана 25- май күндөрүн толуктап 19 күндүн сааттары 17 иш күнүнө коюлуп төлөнүп берилди. Май айынын эмгек акысына республикалык бюджеттен 2,1 млрд.сом каржыланды.
    1-июндан тартып билим берүү кызматкерлери эмгек өргүүгө жиберилди, эмгек өргүүнүн акча каражаты 4-июндан баштап төлөнө баштады. Июнь айына эмгек өргүүгө республикалык бюджеттен 4,2 млрд.сом акча каражаты каржыланат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *