Министр Каныбек Исаков Нарындагы контейнер мектепке барды

   Мезгил

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Нарындын Кеңеш айылындагы 6 контейнерден турган мектептин абалы менен таанышууга барды. Министр мектепке 6 ноутбук жана окуу, адабий китептерди белекке берди. Кеңештеги мектептин аты 6 контейнер эмес, Казаалы Абировдун атын алып жүрөт экен. Каныбек Исаков мектептеги абал менен таанышкан соң жаңы мектептин долбоору менен да таанынып чыкты.

Учурда окуучулардын бир бөлүгү оңдоодон өткөн айылдык клубда билим алып жатышат. Ал эми жаңы мектепти куруу 2020-жылга пландалган.    

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *