Министр: Коронавирус менен ооруган адам оорусун жашырса 5 жылга чейин эркинен ажыратылат

  Мезгил

Коронавирус менен ооруган адам оорусун жашырса 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу юстиция министри Марат Джаманкулов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

-Эгерде карантиндеги  кишилер талаптарды аткарбаса мыйзам боюнча 1-категориядагы айып  пул менен жазаланат. Азыркы жоруктар жөнүндө кодекс боюнча 20-30 миң сомго чейин айып тартат.  

  Өзгөчө же согуштук абалдын шарттарында карантиндин талаптары бузулса анда 2-категориядагы айып пулга жыгылат.  Бул учурда  30 миңден 60 миң сомго чейин айып төлөйт-деди министр.

Ошондой эле министр коронавирус  жуктурган адам оорусун жашырса анда 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылаарын айтты.  

-Эгерде коронавирус менен ооруган адам оорусун жашырса мыйзамда  3 кодекске өзгөртүү кирип жатат. 280-берене боюнча санитардык-эпидемиологиялык  эрежелерди бузуу.  Өзгөчө кырдаал режими мезгилинде өгөчө, же согуштук кырдаал учурунда массалык оорулар жана адамдардын уулануу коркунучу же атайылап жаратуу менен санитардык-эпидемиологиялык  эрежелерди этиятсыз же атайылап бузса анда бул 2-категориядагы 2,5 жылдан  5 жылга чейин эркинен ажыратылат-деди ал.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *