Министр: Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы

Мезгил

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов билдирди.

Тогуз медкызматкердин ичинде санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар. Бул кызматкерлер коронавирус менен күрөшүүдө сап башында турушту. Биз алардын бардык муктаждыктарын камсыз кылганга аракет кылдык. Учурда өзүн жакшы сезип жатышат, клиникалык белгилери жок, – деди Абдыкаримов.

Министри коомчулукка дагы бир жолу  коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан медицина кызматкерлеринде илдет жуктуруу тобокелдиги жогору экенин айтты.

Учурда Кыргызстанда коронавирус менен тогуз дарыгер ооруп жатат. 

Ал эми Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 15 медкызматкер карантинге алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуевдин маалыматтында айтылды.

-Алар коопсуздук чараларына жана кабыл алынган иш-чаралар алгоритмине ылайык иш алып барышты жана карантинге алынышты. Карантинден кийин алар үйлөрүнө кетишет. Андан кийин башка бригада келет, алар да иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин карантинге алынат –деп билдирди Боржуев.

 Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Илдет жуккандардын ичинен бирөө кайтыш болду. Тогуз адам айыгып чыкты

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *