Министр коронавирустан улам, жума намазга топтошуп барбоого чакырды

   Мезгил

Коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга баргандардын санын азайтуу керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  билдирди.

Анын айтымында  буга чейин кыргызстандыктарга кооптуулуктан улам эл көп топтолгон жерге барбай турууга кеңеш берилген.

Андыктан, намазды үйдөн эле окуп туруу сунушталат. Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктуруп алган учур жок.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *