Министр өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди

  Мезгил

Министр Нурболот Мирзахмедов өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалым болгондой,  Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин тиешелүү жетекчилерине нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди. 

“Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. Жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилерин, 2000ге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрү, материалдык баалуулуктарынын сакталышы дал ушул ӨКМдин кызматкерлеринин тайманбастыгы, тилсиз жоо менен алпурушуудагы билгичтиги, кесипкөйлүгүнө байланыштуу болду. Кечээки Жалал-Абад шаарындагы өрт менен күрөшүү жалпы коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, бардыгыбыз тынчсыздануу менен өрт өчүрүүчүлөрдүн эрктүү аракеттерине күбө болдук десем жаңылышпайм”, – деди министр Н.Мирзахмедов.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 182 өрт өчүрүүчү, 12 өрт өчүрүү унаа, 2 автошаты, Жала-Абад шаарынын Жарандык коргонуунун күч,каражаттары, башка ишканалардан кошумча 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. 

Эске салсак, кечээ 10- майда Жалал- Абад шаарында мунай базада ири өрт чыккан. 
 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *