Министр «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу кечеңдеп жатканын айтты

Мезгил

Бишкек-Кара-Балта автожолунун ар чакырымынын курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом жумшалат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеӊештин отурумда  билдирди.

Жыйын жүрүшүндө депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктай турганына жана ал азыр эмне себептен токтоп турганына кызыкты. Анын пикиринде, кыштын аякташын күтпөй эле, жол нугун даярдоо иштерин жүргүзө берсе болмок.

Министр тезникалык талаптарга ылайык кыш мезгилинде жол курууга болбойт. «Алдынала түзүлгөн графикке ылайык, бул жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде аяктайт», – деген жообун берди ал.

Андан тышкары, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу графиктен бир аз кечигип жатканы белгилүү болду. Министр күн жылыса жолдун курулушу тездетиле турганын белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *