Министрлик: Кыргызстанда коронавирус күч алды. Кошумча орундуктардын көбү толду

   Мезгил

Пневмониянын белгилери бар бейтаптар үчүн даярдалган кошумча орундуктардын көбү бир суткада эле толуп калды. Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.  

“Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч болууда. Анткени оорунун белгилери байкалган бейтаптар үчүн даярдалган кошумча орундуктар бат эле толду. Мисалы №1 шаардык клиникалык ооруканасында ачылган орундуктар бир күн ичинде толуп калды. Ал эми Урология борборунда 17 гана орундук калды. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Урология борборуна оор абалдагы бейтаптарды кабыл алып, илдети орто болгондор “Ганси” обсервация бөлүмүнө жаткырылат. Бүгүнкү күнгө карата “Гансидеги” 200 орундун 130у толуп калды.  

Бүгүн аскердик  Дайыр Асанов атындагы лицейдин имаратынан 150 орундукту ачуунун үстүндө иштеп жатабыз”, – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *